Келчи

Кучагыма кирчи, ийилчи мага ийменбей чочуркабай. 
Азыраак жакындачы жалгыздыгыма. Түшүнчү мени, аракет кылчы. Эмне дегим келгенин укчу, сезимдеримдин тилин үйрөнчү. Отуруп жанымда көңүл бөлчү. Түздө чачтарымды сеники алар. Каалагандай өзгөрт келбетимди. Кийимдерим жакпаса айт, алмаштырса болот аларды. Ээ болчу, менчиктечи.
Эркелечи, кылыктанып тажайт деп коркпой... Ээрчитчи аркаңдан. Жеткирбей мага, жоопсуз калтыр телефонумду. Куса кылчы, сагындырчы. Андан соң зар болгондо сага, кайрылчы. Арнап өзүңдү бакытка жол улачы. Жылмайчы, мени көрүп. Сүйгөнгө аракет кылчы. Билем, оңой эмес. Балким, мүмкүн эмес.

Бирок, сүйүүдөн башка себеп менен калбачы жанымда.


http://www.youtube.com/watch?v=pcuuJ2dHcF4





Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.