Туура эместер

Туура эместер

Билсең да ката экенин, кагазсыз далилсиз ишенсең да, туура эместигине.
Сүйсөң да "туура эмес" адамды сага, ичимдеги сезимиң жалпактап өзүңө - алдап, наалат айтып -каргап, кээде тике туруп, тартынбай тактыгынан, тунуктугунан акылдын - каршы чыгат, сүйүп башканы.
Эмнеге дегенге берээр эч жообу жок, себепсиздиктерден таап бир нерсе, албууттана айгашып, ТУУРА дегенге, эт бетинен кетип ашык болуп алат.

Кээде кашайтса жанды көрдүгү менен, кээде боор оорутат болбоско каршы берген утулаар күрөшү менен.

Анткени сүйөм дейт...
Турса да түбөлүккө деп баш кошкон жары ар күнү ашын камдап, башын жөлөп.
Турса да, кыздары оролуп ойноп, уулдары улам күлүп эмерчиктеп, айланып.
Болбойт, сүйөт. Башканы, туура эмести.
Миң туураны бир ката менен тебелеп.
Сүйүү акылдуулар үчүн эмес.



https://www.youtube.com/watch?v=4PwpUTTo9YE&list=RDnVXUmbnMIFM&index=2

Comments

Popular posts from this blog

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.