Posts

Showing posts from August, 2013

Жатаканага барам

Image
Жатаканага барам Отурдум да, ичимдеги "ыймандуу баланы" көчүкө т ээп , кармап алып сабагым келди. Мектепти эми бүткөндө өзүмө берген баам жогорураак болчу, кантсе да коңшу мектептин кыздары колу башын булгап, көз кысып өткөндөрүнө көп күбө болчумун. Бирок, бул оюм университетке кадам таштаганда дароо күзгү жалбырактай эле жерге түшүп калды. Айлык колума тийген акчаны, күнүмдүгүнө короткондорду көрүп, кокуй, мектепте буйурбаган кыздан бул жерде деле буюрбаптыр дедим. Кудай талаа беш жылдык кечилдик мектептен кийин (жалаң эркек балдар окучубуз, шагырап), дагы беш жыл кызсыз калтырып тамаша кылган экен дедим. Бир эки жыл эңкейгендердин, кыска кийген кыздардын кылык жоругуна чыдап, жөн жүрдүк. Балээ басып, ошол кезде экономикалык кризис деген болуп, ансыз да араң жетчү стипендиябызды Инфляция деген неме ого бетер шүмшүйтүп, айтор кыйын кезең болчу.  Биздин да колго карга "берекесин" төктүбү айтор, жайында иштеген иш таап алдык. Ошол менен байып кетпесек да, кү

Жарашууга кылынган алсыз аракеттер

Image
Жарашууга кылынган алсыз аракеттер Бир канчасын кылдык, уялбай.  Алгач укканда, урай түшөт баардыгы; - Ммм, паузабы? (Башкасы бар го?) -Аа, биротеле ажырашалыбы? (Кыйратып, бирге болбой жүрүп ажырашыппы?) -Иий, мен да сага кантип айтсам деп отургам. Андан соң, жашообузду анын үстүнө курган адамыбызга кош айтабыз. - Бактылуу бол... Балээнин бакытын каалайбызбы чынында, мен жокто куурап кал, бир ажаанды, акмакты таап ал да, көзүңөн мен учайын; бул тилектерди ичибизде миң кайталап, өзүбүздү алдайбыз. Телефон түшпөй колубуздан, же ал чалсын же анын ордуна келе турганы жазсын деп күтөбүз. Фейсбуук тизмесин карап, твиттерди аңтарып, чыкса да бирөө, унутсак бат аны дейбиз. Ошол учурда да эч ким колго илинбейт, тээ эгиз козудай ээрчишип жүргөндө, улам тийишип, уруштургандардан дайын жок, какшып.  Анан арсыз себептер менен жарашууга жол издейбиз. Көбүбүзгө тааныш болсо керек ушул себептер.  Түшүмө кирдиң Бир эки жыл өңүңдө көрдүң, эч балээ болбоду, эми эң узуну 10 секунд болгон түшүңө к

Биз сүйүүдөн чарчадык

Image
Биз сүйүүдөн чарчадык Кээде себепсиз урушуулар болду. Кээде унчукпай күттүк кимден чыгат деп алгачкы үн. Түнү чыдап бирге уктап, таң менен бизди "куткарчу" жумушка, окууга шаштык. Уктабай да көп таңдарды атырдык, тунжурап "акылдуу" телефондордон пикир сурадык... Билдик, сездик... Бирок айта албадык; биз сүйүүдөн тажадык. Сүйүүдөн тажадык. Толуп кеттиң, мага жолтоо болбочу, мен китеп окуп жатам, бош эмесмин, алагды кылбачы дегендерди көбүрөөк колдондук. Сагындым, кайдасың, жолугалычы дегендерди унуттук. Жолугууга зар биз, эми ажыроого куштарбыз. Адеп, кыштын узун түндөрүнө батпаган маегибиз, эми эки сүйлөмдөн ашпай баштады. ..

Ыймандуу кызДАР менен таанышам...

Ар кыргыз жигити өмүрүндө;  "Кетсин" деп кыйкыруусу жана ыймандуу кыз издөөсү керек деп билем Телевизор менен деле дос эмесмин. Кээде үйдөгүлөр менен отуруп, "качан үйлөнөсүң", "акча керек" деген сөздөр чыгып кетүүсүнөн сактанып, телмире тиктеп калганым болбосо, жалгыз отуруп көрө элегиме көп жыл болду. Дагы бир күнү, ошондой учурда карап отурсам, экрандын этегинде жазуулар жүгүрүп баратыптыр; жер сатылат, срочно 0550**** Россияга автобус каттайт, ынгайлуу, мягкий автобус 0312***** Ыймандуу кыздар менен таанышам, чалгыла маяк жок 077298***** ... Бу акыркысын окуп, ойлонуп калдым. Элдер ыймандуу кыздарды ушинтип эле таап алат окшойт КТР ге 60 сом берип, а мен жинди, эчен акча коротуп, кафе пулун төлөп, киного билет албай эле... Же акча эле менде кенен болсочу, ошол маалда. Ойлонуп калдым; ыймандуулары эле чалат да, анан кыздар дагы экен, көптүк түрдө. Он, он беши чалып, анан алардын арасынан сынак өткөрүп, чекеден чертип, дарбыз тандагансып бирөөнү алып

Кутулуу

Жыл 2004. Жашмын. Дердейип, эптеп алган (эки үч айга карызга бөлүп) Levi`s шымымды жууп кийип, үстүмө бирге жашаган досумдун күрмөсүн илип алып, инеттен табышкан кыз менен таанышканы жөнөп калдым; жакын байкем айткандай, батиңкени муунта байлап. Сезимдер укмуш, тимеле "Женифер Лопез мени чайга чакырды да, жөнөп баратам". Жолукчу жай "жакын эле", метро менен 3 бекет, же "студенттик унаа" (ал кезде 41`инчи бут өлчөм батиңке кийчүмүн,) менен чоң арыштасам, 35 минута (5 км). Чөнтөктө сомго айланса, курс жакшы болсо, акча алмаштырган неме алдабаса, 2000 сомдой бар (анын 1000 сому да күрмөнүн ээсиники). Билет алып, өзүмдү сыйлап коомдук унаа менен барайын дедим. Кайра ойлоп, жолукчу кыз жуттан чыккансып, олчойто тамак жесе, тыйын жетпей, тепки жебейин деп жөө жөнөдүм. Дубалы айнек кафе деген, атын деле, дарегин деле айткан, күнүгө кафелеп жүрүпмүнбү ал кезде, издеп жүрүп араң таптым. Шашканда, шашке көз ирмемде дейт, 45-46 минута кечиктим. (Жөө барсам, дарек т

Келчи

Image
Кучагыма кирчи, ийилчи мага ийменбей чочуркабай.   Азыраак жакындачы жалгыздыгыма. Түшүнчү мени, аракет кылчы. Эмне дегим келгенин укчу, сезимдеримдин тилин үйрөнчү. Отуруп жанымда көңүл бөлчү. Түздө чачтарымды сеники алар. Каалагандай өзгөрт келбетимди. Кийимдерим жакпаса айт, алмаштырса болот аларды. Ээ болчу, менчиктечи. Эркелечи, кылыктанып тажайт деп коркпой... Ээрчитчи аркаңдан. Жеткирбей мага, жоопсуз калтыр телефонумду. Куса кылчы, сагындырчы. Андан соң зар болгондо сага, кайрылчы. Арнап өзүңдү бакытка жол улачы. Жылмайчы, мени көрүп. Сүйгөнгө аракет кылчы. Билем, оңой эмес. Балким, мүмкүн эмес. Бирок, сүйүүдөн башка себеп менен калбачы жанымда. http://www.youtube.com/watch?v=pcuuJ2dHcF4

Карыган жаштар

Жаштары балким жыйырмада балким беш-он жыл ашыгыраак. Ойлору отуздан эбак оолактаган. Кээ бирөө "эл катары" болууга жан уруп, кээ бирөө "элге аралашуу" үчүн эбак кечип салган жашоосунан. Сөздөрүндө оор нерселер бар, эми төрөлгөн ымыркайдын кийиминен алаар аялына жеткен. Же тойлор бар максатталган. Тушоосун кесүү керек же кайын журтта болгон жакшылыка көрүнүктүү нерсе көтөрө баруу  керек. Тыйын табуу керек кошумчага. Өткөндө кошкон акчасынан кемитпей ашырбай так ошондой кошуу керек. Керек, керек... Абдан көп керектердин арасында эс алуу керек же көңүлдүүрөк болуу керек дегендер жок. Же ичибиздеги баланы сактабай көпкө, "токтолуп" элге аралашуубуз керек.  Кичинебизде "чоңойгондо билесиң, угасың, түшүнөсүңдөр" менен батыраак чоңою үчүн жек көрүлткөн балалыгыбызды батыраак өтүп кетип, дароо "оор басырыктуу" жана "токтоо" болгубуз келет. Токтотуп, эркелигибизди же баёлугубузду муздак жана сезимсиз жанга жетүүбүз зарыл