Кутулуу

Жыл 2004. Жашмын. Дердейип, эптеп алган (эки үч айга карызга бөлүп) Levi`s шымымды жууп кийип, үстүмө бирге жашаган досумдун күрмөсүн илип алып, инеттен табышкан кыз менен таанышканы жөнөп калдым; жакын байкем айткандай, батиңкени муунта байлап. Сезимдер укмуш, тимеле "Женифер Лопез мени чайга чакырды да, жөнөп баратам". Жолукчу жай "жакын эле", метро менен 3 бекет, же "студенттик унаа" (ал кезде 41`инчи бут өлчөм батиңке кийчүмүн,) менен чоң арыштасам, 35 минута (5 км). Чөнтөктө сомго айланса, курс жакшы болсо, акча алмаштырган неме алдабаса, 2000 сомдой бар (анын 1000 сому да күрмөнүн ээсиники). Билет алып, өзүмдү сыйлап коомдук унаа менен барайын дедим. Кайра ойлоп, жолукчу кыз жуттан чыккансып, олчойто тамак жесе, тыйын жетпей, тепки жебейин деп жөө жөнөдүм. Дубалы айнек кафе деген, атын деле, дарегин деле айткан, күнүгө кафелеп жүрүпмүнбү ал кезде, издеп жүрүп араң таптым. Шашканда, шашке көз ирмемде дейт, 45-46 минута кечиктим. (Жөө барсам, дарек таппасам кечигем да!) Айнегинен акырын карадым кызды; бала кезден күчсүз жарыкта китеп окуп жүрүп, ("чоң энемдин "көзүн түгөнөт ай бала дегенин укпай") жедеп жешилген карек араң тапты. Эми, кудайдын жараткан кулун мен сындамак белем, сулуу сулуу эмес деп. Бирок, колу башында темир тезек толтура илинген кыз экен, магнит көп жерге жабышып калчудай. (А деле бирөөнүн баласы да). Кафени акырын карасам, эмеректери укмуш экен; кымбаттай, тыйын жетчүдөй эмес, суу пуу ичип эле отурайын деп чечтим. Жолдо келе жатсам, жаан да себелеген, кебетем укмуш, кеч күздө үшүп да алгам. Эл да көп экен, тепкичи бийик! Эми антаңдап, чыгып баратсам тепкичтен, суу тийген мрамордон тайгаланып, челек чапкандай эле баткака оонап калдым. Өзөргөнүм укмуш, өпкөгө илгери торпок тепкенде ушундай болгон, тура калдым чочуп. Дегеле жылан өлтүрөм, таш берчи десем карабаган адамдардын ичине жакшылык периси даабат окуп кеткенсип, баягы көп эл жетип келсе болобу; - Аман эсенсизби, сынган жокпу эч жериңиз деп. Кээде бу адамгерчилик да керексиз болот экен, уялганымды айтпа; анардай кыпкызыл бетим. Досумдун күрмөсү да аппак болчу, эми күрөң болуп калды аркасы. Баягы кызды карай калдым; отурат, карап да койбой. "Ушунча жыгылганда келбеген, мүдүрүлсөм мени карамак беле, жакшылыгы деле жок неме го" деген ой кетти. Кудай берди, дароо шарт бурулуп, артка жөнөдүм. Жатаканага кантип жеткенимди билбейм, кирип келип эле баягы кызды "кууп чыктым" интернетте кобурашкан жерден. Бир жылдай корунуп, шаарда кыргыздар чогулган жерге да барбай, уялып качып жүрдүм. Кийин уксам, башка шаарга кетиптир дешти. 
Бүгүнкү жаанда жыгылып, эмнегедир ошол окуя келди эсиме. Балким, кээде бакытка (азыркы)  жолугуу үчүн жыгылуу керек беле...

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.