Карыган жаштар




Жаштары балким жыйырмада балким беш-он жыл ашыгыраак. Ойлору отуздан эбак оолактаган. Кээ бирөө "эл катары" болууга жан уруп, кээ бирөө "элге аралашуу" үчүн эбак кечип салган жашоосунан. Сөздөрүндө оор нерселер бар, эми төрөлгөн ымыркайдын кийиминен алаар аялына жеткен. Же тойлор бар максатталган. Тушоосун кесүү керек же кайын журтта болгон жакшылыка көрүнүктүү нерсе көтөрө баруу  керек. Тыйын табуу керек кошумчага. Өткөндө кошкон акчасынан кемитпей ашырбай так ошондой кошуу керек. Керек, керек... Абдан көп керектердин арасында эс алуу керек же көңүлдүүрөк болуу керек дегендер жок. Же ичибиздеги баланы сактабай көпкө, "токтолуп" элге аралашуубуз керек. 


Кичинебизде "чоңойгондо билесиң, угасың, түшүнөсүңдөр" менен батыраак чоңою үчүн жек көрүлткөн балалыгыбызды батыраак өтүп кетип, дароо "оор басырыктуу" жана "токтоо" болгубуз келет. Токтотуп, эркелигибизди же баёлугубузду муздак жана сезимсиз жанга жетүүбүз зарыл.


А өмүр? А бакыт? А сүйүү?... Алар катылгандай ар тойдон тойго же ар төрөлгөн бала менен кошо жаралган санааларга. 

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.