Жатаканага барам

Жатаканага барам

Отурдум да, ичимдеги "ыймандуу баланы" көчүкө тээп, кармап алып сабагым келди.


Мектепти эми бүткөндө өзүмө берген баам жогорураак болчу, кантсе да коңшу мектептин кыздары колу башын булгап, көз кысып өткөндөрүнө көп күбө болчумун. Бирок, бул оюм университетке кадам таштаганда дароо күзгү жалбырактай эле жерге түшүп калды. Айлык колума тийген акчаны, күнүмдүгүнө короткондорду көрүп, кокуй, мектепте буйурбаган кыздан бул жерде деле буюрбаптыр дедим. Кудай талаа беш жылдык кечилдик мектептен кийин (жалаң эркек балдар окучубуз, шагырап), дагы беш жыл кызсыз калтырып тамаша кылган экен дедим. Бир эки жыл эңкейгендердин, кыска кийген кыздардын кылык жоругуна чыдап, жөн жүрдүк. Балээ басып, ошол кезде экономикалык кризис деген болуп, ансыз да араң жетчү стипендиябызды Инфляция деген неме ого бетер шүмшүйтүп, айтор кыйын кезең болчу. 

Биздин да колго карга "берекесин" төктүбү айтор, жайында иштеген иш таап алдык. Ошол менен байып кетпесек да, күзүндө тың келгенди, 3 маал тамак ичкенди эптечүбүз. Карасам, карапайым элдин кыздарынан деле бар экен, анан да акыл бул жыл өткөн сайын келген неме тура, баягыдай аңырап шаңырап, ачылып чачылбай да кыз жандаса болоорун ойлоно баштадым. Жедеп, тээ мадыра баш кезимден бери ыймандуу бол, тартиптүү бол деп үйрөтүлгөн мен, бу чыныгы жашоодо ал ыйман менен ачка, талаада калчудай экенимди да түшүнүп калдым. Бирок, дароо үйрөнүлбөйт тура ал нерселер. Университетте жалаң, узун бойлуу анан кылдуу, сакалдуу бөлөк улуттун арасында, көзү жүлжүйгөн, арык мен кызык көрүндүмбү, айтор кудайдын куттуу күнү мага жардам бергиси келип, китептерди бөлүшкөн бир эки кыз пайда болду айланамда. Бирөө митиң ситиңге чыгып, комунисттирээк анан ачыгыраак болчу, ал сабактан кийин эмне кыласың деп да сурай баштады. Делдейип, жатаканага барам дейм. Бир сурады, эки сурады, а мага жетпейт дагы эле; "жатаканага байам..." Же жатакана эле жайлуу, ыңгайлуу болсочу. 16 м2 бөлмөдө 12 киши! Керебеттер эки кабат. Бөлмөдө О2 (oxygen) жетпейт, жыттар парады бар; байпак, колтук анан желген тамак жыттары катышкан, 24 саат үзгүлтүксүз. А мен күнүгө сабактан кийин жатанага барам! (Кудай, ошол кездеги акыл менен калтырбай, кайрымдуулук кылып, кичине кошконуна шүгүр) 

Тигил кыз акыры чыдабай кетти окшойт, бүгүн тияка баралы, муну кылалы дей баштады. Эшекти отко айдасаң, "башка жака" качат болуп, шылтоо издей баштадым. Сабак окуйм десем, чогу окуйлу дейт. Китеп окуйм десем, аны да чогу кылалы дейт. Акыры себеп түгөнгөндө макул боло баштадым. Баягы кыз менен чогу сабак окуп жүрүп, көп сабактан да бааларым жакшыра баштады. Адабий маданиятыма да бирдемелер жугуп, анча мынча жазуучуларды артисттер менен адаштырбай калдым. Жүрөбүз, жүргөндө жүзүнөн өөп, колун кармайт дейсиңби, чогу сабак окуйбуз, китеп окуйбуз, кино көрөбүз (университетте бекер кино бар болчу) Анан түшүнө баштадым; иий бу кыздын менде көңүлү бар окшойт деп. Бирок, мага тигинин ниети жеткенде, тигил кызды башка бирөө жетелеп кетти. Ошол күнү, ичимде бирдеме тыз дей түштү... Отурдум да, ичимдеги "ыймандуу баланы" көчүкө тепким келди, кармап алып сабайын дейм, өзүңө да колуң барбайт экен. Кийин да көрүп, кобурашып жүрдүм ал кыз менен. Бирок, китеп да окубадык, кино да көрбөдүк... Кетти ал. Кеткенде да келесоолугумдан кетти. Убакыт өттү, "кеткендер" көп болду... 

Кийин туура адам келгенге чейин баары кетти. Андан соң, бирге кол кармашып, чогу баскандар болду. Э, мен да мурдагыдай далдырап, бирге китеп окуй бербей... :)

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.