Жарашууга кылынган алсыз аракеттер

Жарашууга кылынган алсыз аракеттер
Бир канчасын кылдык, уялбай. 


Алгач укканда, урай түшөт баардыгы; - Ммм, паузабы? (Башкасы бар го?) -Аа, биротеле ажырашалыбы? (Кыйратып, бирге болбой жүрүп ажырашыппы?) -Иий, мен да сага кантип айтсам деп отургам. Андан соң, жашообузду анын үстүнө курган адамыбызга кош айтабыз. - Бактылуу бол... Балээнин бакытын каалайбызбы чынында, мен жокто куурап кал, бир ажаанды, акмакты таап ал да, көзүңөн мен учайын; бул тилектерди ичибизде миң кайталап, өзүбүздү алдайбыз. Телефон түшпөй колубуздан, же ал чалсын же анын ордуна келе турганы жазсын деп күтөбүз. Фейсбуук тизмесин карап, твиттерди аңтарып, чыкса да бирөө, унутсак бат аны дейбиз. Ошол учурда да эч ким колго илинбейт, тээ эгиз козудай ээрчишип жүргөндө, улам тийишип, уруштургандардан дайын жок, какшып. 
Анан арсыз себептер менен жарашууга жол издейбиз. Көбүбүзгө тааныш болсо керек ушул себептер. 

Түшүмө кирдиң
Бир эки жыл өңүңдө көрдүң, эч балээ болбоду, эми эң узуну 10 секунд болгон түшүңө кирсем эмне болмок эле;- десе дудукту ит капкандай боло турган абал. Ишке жарабайт көбүнчө; кокуй анын түшүнө кириптирмин, бара калайын, жарашайын, кудайдын белгиси деп жетип келээри деле күмөн. 

Буюмдарың менде калыптыр. 
Түгөнгөн упанын кабыгын да айтып чалдым, эң көп колдонгон себептеримдин бири. Ал тургай, көп чатакташкан бирок, ажыроого чыдабаган сүйгөндөрүмдөн атайын китеп алдым, кийин шылтоолоп берейин деп. Кээде, базардан алам кокус сураса деп, айрым ич кийимдерди да айтып, смс жаздым. Кызганып кетип, ал кимдики деп сурап анан аркасынан сөз уланып, колтукташып калабызбы кайрда деп... Чынында мен билгенден, ич кийимин калтырып кеткендер болбоду, а кинодо эки үч ич кийим сала келип, анан бирөөнү унтуп калышабы, билбейм. Пайдасы болдубу десеңиз, жок.

Ооруп жатам.
Эң дөдөй себептердин бири менимче, муну айта турган адамга акыл берсин кудай. Кызыл жарым ай коому беле, сүйгөнүң. Доктур болсо да эмне болуптур, өлкөдө толгон доктур бар, оорукана деле жетиштүү. Алсыз, аёо сезим зордуктап жарашкан мамиле, арып деле кетпесе керек. 

Кабарлардан окудум
Муну кылдым, айныдымбы мне билбейм. Тээ Жапонияда жер титиресе е мейл жаздым, сени ошол жака кетип калдыбы деп, деген шылтоолорду айтып. Же акипресс сводкада авто кырсык болсо, аты жашырылып, Г.А десе сен экен дедим деп. Атайын кабарлардан издеген учурларым да  болду, эптеп бир тамгасы окшосо, себеп болсун деп. Бирок, иштеп кетүүсү мүмкүн бул себеп; Көрдүңбү, сени дагы эле ойлойм, санааркайм. Апаң да окуган эмес ал кабарларды деп... 

Досторуна жалакайлык
Мамилеңиз ысык кезинде, саламына алик алгыңыз келбеген анын досторун эстейсиз. Атайын аңдып, издеп таап,  анан кокустан жолуккансып, ар нерсени сурап акыры теманы, баягы эле сүйгөнүңүзгө алып барасыз. Өзүңүздүн тажрыйбаңыздан да билесиз, же ушулар балталайт мамилени, же ушулар оңдоп түзөйт. Канча сүйгөндөр кайра ушинтип табылды билбейм, бирок менин сүйгөнүмдүн достору кудайдан жөө качкан немелер болду. Сенден кутулду да, жыргады деген пикирин жашырууга да аракет кылбай, сүйүнүчүн айтпай, билдиришти. 

Жогорудагы себептердин канчоосу жараштырат ким билсин, так маалымат жок. Бирок, эң жеңили жана акылга жакыны ачык сүйлөшүү. Же биригип, жолго чыгасыздар кол кармашып. Же болбосун түшүнүп, жумшарып ачык ажырашасыз. Илеңдеп, салаңдап жүрө бербей, шылтоо табууда чыгармачылыгыңызды кыйнабай.


Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.