Ыймандуу кызДАР менен таанышам...

Ар кыргыз жигити өмүрүндө;  "Кетсин" деп кыйкыруусу жана ыймандуу кыз издөөсү керек деп билем

Телевизор менен деле дос эмесмин. Кээде үйдөгүлөр менен отуруп, "качан үйлөнөсүң", "акча керек" деген сөздөр чыгып кетүүсүнөн сактанып, телмире тиктеп калганым болбосо, жалгыз отуруп көрө элегиме көп жыл болду. Дагы бир күнү, ошондой учурда карап отурсам, экрандын этегинде жазуулар жүгүрүп баратыптыр; жер сатылат, срочно 0550**** Россияга автобус каттайт, ынгайлуу, мягкий автобус 0312***** Ыймандуу кыздар менен таанышам, чалгыла маяк жок 077298***** ... Бу акыркысын окуп, ойлонуп калдым. Элдер ыймандуу кыздарды ушинтип эле таап алат окшойт КТР ге 60 сом берип, а мен жинди, эчен акча коротуп, кафе пулун төлөп, киного билет албай эле... Же акча эле менде кенен болсочу, ошол маалда. Ойлонуп калдым; ыймандуулары эле чалат да, анан кыздар дагы экен, көптүк түрдө. Он, он беши чалып, анан алардын арасынан сынак өткөрүп, чекеден чертип, дарбыз тандагансып бирөөнү алып калат го? Тээ мадыра баш кезде, кыздарга барып анан аларды чыкыра албай, байкеси тайкесине кармалып таяк жегеним, Балтегине кабылып, багалегимди талатып. Өмүр бою бир тил үйрөнүп, анан бүгүн ал тилдин дүйөнөдө жок экенин эми үйрөнгөн немедей, дендароо боло түштүм. Шак эле телефонду алып, бирге кыз издешкен досума чалып айткым келди;- Эй, мал! Экөөбүз туура эмес жерден издеп жүрүппүз!

Аны муну ойлоп отуруп, кантип реклама берүү керек экенин карабай калыпмын. Анан кечке күттүм, башка каналга да котортпой эч кимди, Бакиев сүйлөп атканына да көңүл бөлбөй; андай жазуу болгон жок. Интернет сайтына кирдим, телевизорду жарытпаган КТР, интернетти жыргатмак беле, ал жакта да"кантип ыймандуу кыздарга реклама бересиз" деген жок. Бюджеттен тыйын алган канал, менин 60 сомума деле зар эмес окшойт. Ал күн да өттү, бирок ичиме куш сасык тумоосунун вирусундай, азыраак акча коротуп, көбүрөөк ыймандуу кыздар менен таанышуу деген ой кирип, каптай баштады. Супер инфо деген да бар дешти,  карасам жарыя берген кыздар жалаң эле Бишкектиктер менен таанышышат экен. Ыймандуу, ыймансызы жөнүндө да сөз жок. Чалсам эле Аянтта айылдан келгендерди аңдып, баса калып, прописка сураган милициялар кармап алчудай болуп, алдоо деген да ойума келген жок.
Балээдей болуп, Бител "сага бирөө 5 минута телефон чалса, 1 минуталык бирдик беребиз" дегенди чыгарып, алдамчы көбөйүп турган учур болчу. Өмүрүмдө биринчи жолу Бишкекте каттоом болбогонуна өкүндүм, учурунда 500 сом берсең кылып беребиз дегендерди укпай койдум эле, мына эми. Ыймандуу кыздар дагы куру калдык.

Анан, колунан  иш келбеген, кошунасын күнөөлөйт болуп, бул ыймандуу кыз деген ким`ди талкуулай баштадым. Биринчиден, бу ыйманын кантип ченейбиз? Салмактай кг менен ченелбейт, узундуктай метр жарабайт, өлчөмү жок неме экен. Ыйман же кийим эмес экен, бир караганда көрө калгандай. Акыры ар нерсени билчү эле деп, сакалын эми өстүргөн, ары өткөн бери өткөндө "келиме келтирип коюңуз таксыр, жумага келиңиз таксыр, күнөөсүнө кечирим сурабаган, аркы дүйнөдө тозоко күйөт" деп айтып турган молдо чалыш жигиттен сурамай болдум. Өлгөндөн ары жагын билген киши, тирүүчүлүктү кыйла эле билсе керек деп. Ал кишини издеп жүрсөм, башкасы кармап алды. Сурасам, бу ыйман кишиге жараша дейт.

Караманча чаташып, ошол бойдон "ыймандуу кыз" деген татаал жана оор маселени мүмкүн болушунча ойлобогонго аракет кылып жашап баштадым...




Comments

  1. ыймандуу кыздарды издегендер ким озу? Ушу кызык

    ReplyDelete
    Replies
    1. Билбейм, мамам "деги балам алганын ыймандуу болсун" дечу, мен ж/о кеп кылбай :)

      Delete

Post a Comment

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.