Posts

Showing posts from August, 2019

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.

Же зарлап күткөнсүң баланы, төрөлсө аны кийгизем деп ар дүкөндөн көргөндө бир тыз этип жүрөгүң, кийим тандагансың. Ар ыйлаган баланы көрүп, көзүндөгү жаш болгуң келет, эч ыйлатпай, эч муңкантпай чоңотом дейсиң баланы. Же балаң бар, бир илдети же кеми бар.  Өз өмүрүңдөн кесип, бергиң келет чүрпөңө, ал бактылуу болсун деп. Бары жогуңду алмашсам да - дарты сакайсын деп. Же күткөн кыз наристең бар, улам уулдуу болгон соң, элдер кантип кыздуу болот деп кейиткен. Анан карасаң, жаңылыкта бир наристе өлгөн же өлтүрүлгөн болот. Ата энеси арак ичирип көрүп өлтүргөн болот. Чоң энеси сабап өлтүргөн болот. Апасы түнү ичип келип, машинеге ымыркайды унутуп уктап калып, ысык өтүп өлгөн болот. Камап, сабап, тамак бербей жатып өлтүрүлгөн болот. Таяктын уусунан өлгөн болот, мээримсиздиктен өлгөн болот.    Эч дарты жок эле, сонун болуп чоңойуп келе жатып, чоңоюусу токтоп калат алардын. Үн деле укпайсың, чуу деле көрбөйсүң ар кабардан кийин чыккан көтөрүлгөн. Бир күндүк кабарларда бир нече сап мене