Posts

Showing posts from July, 2017

Бул доордо ата эне болуу

Бизге укмуш доордо туулдуңар, бактылуусуңар, балекетсиңер дешкен. Эмне экен, биз төрөлгөндө Совет доорунда жашап, эми окууну ортологондо өлкөбүз жетим баладай жалгызсырап өз алдынча бөлүнүп кеткен экен. Анан биз эркин өсүп, ачуу жокчулук менен чоңойуп, каалаганды окуп, көп тил билип, көп нерсе үйрөнүп чоңойуппуз. Айырмабыз болушу керек экен мурдагылардан. Эмне айырмабыз болушу керек экенин билбейм бирок артта калгандайбыз биздин ата энебизден. Мисалы мен атамдын 30 жашында көргөн 5инчи баласы экенмин, тун уулум 32 жашымда төрөлдү. Мени байкем эжекемдер жетелеп жүрүп, көптүн шары мн чоңойупмун. А үйдөгү кодоо жалгыз 3 жыл хандыгын жүргүздү.Ажатын кылаар учурун аңдып отуруп чоңойттук десек да болот. 4,5-5 жашымда тамга тааныганым үчүн Эйнштейн аталып кете сактадым эле, бу баламды энеси 2 ге чыга электе 3 алфавит, 100 дөй ийри муйру болгон иероглиф үйрөтүп койуп, менин рекордумду шым эле кылды. Кеч балалуу болгонгобу же ошол маалда бекерчи белек, айтор балалуу болоордо бир канча к