Posts

Showing posts from September, 2016

Колкап

Image
Бир колкапты эскерүү 20 жылдан көп Нарында кыш тоскон мен кийинчирээк жылуу жерге көчүп келгени, -6 градуста деле чүрүшүп тоңуп баштачу болдум. Адеп чыйрыгып эле жатам го десем тишим тишиме тийбей, денем жүнү жаңы жулунгун тооктукундай бүдүрлөнүп чыкчу болду. Оронуп, чулганып айга уччу космонавттардай болуп кийинейин дейм, тоолук экенимди эстеп уялам. Элдер үшүбөй эле, сууктан кабары жоктой жүрөт. Эмне балээ жейт да булар тоготпойт деп, уят сыйытты жыйыштырып сурасам Жылуу Тек деген технология менен тигилген кийимдерди кийишет экен. Маданияттан айланса болот, кошулайын бул 21 инчи кылымына деп, жүгүрүп барып дүкөнүнө кирип баасын сурасам, бир ичиктин баасындай экен ич кийимге койгон наркы. Бул технологияны ойлоп чыккандын айлыгынан, небересинин пенсиясына чейин төлөткүсү бар, мен 1990 жылдардын каатчылыгынан чыккан немемин, ич кийимге 100 сомдон ашык берген макоолук дедим да дүкөндө дагы эмне бар экен десем, колкап бар экен, баасы да башка кийимдерге салыштырмалуу арзан. Ичимди го э