Posts

Showing posts from 2015

Жаштарга (с) үлгү

Кайсыл убакта кантип өзгөрүп кеткенин билбейм нең, бир карасак эле биз туура жашап, жаштарга жакшы мисал болушубуз керек болуп калыптыр. Өзүм деле али жаш элем, бирок. Жаштарды билбейм бирок мадыра баштар бу мени өрнөк алаарына абдан эле шегим бар. Же чоң болбосом бир креслону ээлеген, же бир акылман болбосом Нобелден эки үчтү чогултуп, текчеде сыйлыктардан орун тийбей аларга да, бир кутуга тыгып койгон. Андыктан, ары бери карап анан кой бу ырас эле үлгү болбой калдым дедим, үйдө бир кодопыш бар ошого болсом болоормун бир канча ай, балким жыл, жетет ошол түйшүк мага. А тарбияга муктаж жаштарды, мадыра баштарды өзүңөр тарбиялагыла. Өлкө өлкө эмес эле бала бакча ансыз да, тарбиячы - акылман жетиштүү, ач каалаган соц тармакты, жаз Атамбаев аракет кылып жатат деп, канчоосу оңдойт экенин кара... Анан эң чоң санаасын, эми өтөөр бул деле деп акыл калчаган мендейлерден эмне тарбия күтөсүңөр. Жаштар деп азыркы 17-24 төгүлөрдү айтсаңар, алар балекет. Биздей эмес, делдейип ар сакалы кырылб

Той ашка анан расмий майрамдарга тийбегиле

Жакында эле 6 000 000 болдук, кудай ушуну кут кылсын дечи, бирок бу беш миллион менен эле бетегеден жампа терип, свет жетпей жетсе акча жетпей, акча тапсак ашка жетпей шермендебиз чыкты эле, эми 6-7 милион болсок мне балээ болот да... Санаган киши да кыйын неме окшойт, кокус эми төрөлөөрдө бирөө жарым ары карап кетсе не болот дебей коркпой санаганын. Үйдө бир бала төрөлсө эле тойдон башыбыз, казандан колубуз чыкпай калат анан толгондон 6 милионунчу төрөлсө жөн калабызбы, Атамбаев акчаны аябай, Сариев дароо эле аны дароо эле тартиптүү, эстүү кысчу жерин кысып жүрчү кыз кылып анан келин кылып, байбиче кылып айтор батадан керилип эле кенен берип калды. Кечке жуук салют айтор койчу, ат чаптырып, улак кылбаганыбыз эле калды. Негизи, эркиндик дегенде эле тойдон баштаппыз карап көрсөм. Экономика эми көчүкө кирди дегенде дароо бир той ойлоп чыгабыз. Бу жек жаатты анан карым катнашты той менен курап, эстеп анан бийлике келген атка минерлер анан башка эмнени ойлосун... Так ошол күн

Ак ийилет, сынып деле кетет

Ар күнкүдөй эле, бүгүн да кой тоскону барган Айбек уй менен кошо аралаша түшкөн койлордон толуктап жетишпей калды. Анчейин деле көп кой эмес болчу, жайда колдо калган чабырлар анан сойушка дегендерден куралган он, он бештей. Улам ар короого чубалып кирип жатып, Айбектин үйүнө жеткенде, кочкордун жок экенин байкады. Короонун эле эмес, кой кесүүнүн көркү болгон кочкорду кантип байкабай калдым деп, санааркай дарбазаны илип эле издеп жөнөдү. Кыядан түшөөрү менен биринчи эле үйгө, Сапандыкына кирсе керек деп божомолдоп койду, себеби ошол жерден уй менен кой аралаша түшүп, жетишпей калган эле. Ал үйдө классташы жашайт эле, бирок жеткиче көз байланы, караңгы кире баштады. Бул айылда үй, бакча айланта тосуп, дарбаза койгон али баштала элек болчу, СССР тараганда кой сарайдан үлүшкө таратылган темир тордун бирин эшик алдына тосуп койушкан экен, анын алдында бир топко ышкырып, Максаттап кыйкырып отурду. Чыккан жан болбоду, көчө жагындагы короонун эшигин түртсө бек, кара тайгандан корксо да, ко

Данияр Айтман`дан тараган зыяндардын алдын алуунун БЕШ жолу

Бул күндөрү кыргыз эркектерине анан кайненелерге кыйын болгону калды. Данияр Айтман деген чыгып, Келиндер Козголоңу кылчудай. Күнүгө; -  "каякта жүрдүң? Беш жүз сом берчи, тигини алайын, Бууракандар жаңы машине алыптыр, Тээ Тиоманын аялы дыңкыйып учурашпайт" дегенден башканы сүйлөбөгөн жубайларыбыз, Айтманды карачы аялын Аңгилянын Ханайымындай карайт экен деп баштады. Тили узундар анан кеп жебегендерге кутулган оңой, бу байкабай колго түшкөндөрдү сактап калайын деп 5 жооп ойлоп, аны эркектер менен бөлүшөйүн дедим. Пул сурабайм, каалашыңарча колдоно бергиле. Жубайыңыз;-   Данияр Айтман дегенчи, э деп баштап келе жатканда эле берилчү беш жооп! 1. - Ой, аның кайын журту менен бутуна туруптур. (канчообузду кайын журтубуз тургузду эле, андыктан бутка тургузгуч төркүнү жок экенин эстеп, аялдарыбыз акылына кайтаар) 2. - Кайнатасы неменин министири экен.  Анан чокусуна аялына тили өтөбү. (Так министирлик айтпагыла, ошону менен токтоткула. 5-6 министирдин кыздарын сүрүшт

Маданият маселеси

Тээ илгери Саветтер Саюзу кезинде айылдык жигитти тээ орустун килтейген жерине аскерге алып кетет экен. 2 жылга жетип жетпей баягынын кызматы бүтүп айылга келип эле, тили бурула түшкөн экен. Бир күнү суусап келсе, энеси муздак жарма менен күтүп алыптыр. Кесени көтөргөн бойдон көмкөрө ичип жиберип, - Охх ты суволуш немдин жармасы деген имиш. Турмуш деп эле, ар четке куржун чогултуп кетип баратканда ушул икаяны эстеп койом, мен да келип элге шермендем чыкпасын деп.

мамлекеттик маселелер

Өз алдымча отуруп, Мерседес Соса угуп, эс алуу күндүн эми кызыгына батып отуруп, санааркап кетем мамлекеттик маселелерге баш чиритип... А мамлекетте билебиз, маселе көп. Мисалы, билим берүү. Чоң атам Улуттук Университеттин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн, дипломго чейин деле иштеп келген бирок. Колуна тийген соң диплому, өмүрү да түзүлгөн дароо. Мындан ары, мугалим болот деп. Чоң энем университтен болбосо да, кайсы бир окуу жайдан окуп, ошонун аркасы менен мугалим болуп келген. Өз атам, ал да алып дипломун дароо ишин тапкан. Орустар бизден бөлүнүп кеткиче, ошол кызматын аркалаган. Анан кийинкилерде башталды балекет. Тил билиш керек экен дешти, 3-4 тү үйрөндүк. Компйутер дегени чыкты дешти, чукулуп укулап көп болбосо да тамга тергенди, эсеп кылганды өздөштүрдүк эптеп. А өмүр бою кемирип, иштей турган иштен дагы деле кабар жок. Аз го дипломумдун саны деп, дагы бир экини коштум. Бизде билим анча эмес деп тентип жүрүп, чет өлкөлүк окуулардан чогулттук диплом деген барактарды, а иштен дагы деле
Ата Болуу Башка жашоолор бар дешет, паралелл маралелл. Жок, дүйнө 3D эле эмес, аны муну. Бул дүйнөнү кыйратып жашабаган мен сыяктууларга берки дүйнөлөр кызык эмес. Анын үстүндө эки тоонун чөбүн эңсеген эчкини да билем, кийин эмне болгонун. Ошентип, кээде күлүп, кээде ыйлап карасам отузду ооп баратыптырмын. Жылдар улам тездейт дешет, бир күнү эле биздин бүлөөгө дагы бирөө кошулат деди жубайым. Бу кудай урган Батыштын үй бүлөө алмашкан, аралашкан немесин айтып атабы бу десем, жок курсагында экен али ал күткөн кишибиз. Анан күтө баштадым, бу аялым мага эле эптеп чыдачу эле, мендейден дагы бирөө кирсе, арызын жазып, ары басып кете береби бир жапонду жетелеп деп санааркап койом. Бир күнү кошулду ал. Кыпкызыл бирдеме. Кыйкырат тим эле, аны биз бул дүйнөгө бейиштен ала качып келип, отургузуп койгонсуп. Кыз болот деп, кыпкызыл кийимдерди алып койсом, чорбойтуп чочосун эркек экен. Анан чоңоюп батпай калмайынча кийди баягы кызыл тазыл курткаларды. Башка алып берейин деп акчаны кыйбайм. Бул эм