Маданият маселеси


Тээ илгери Саветтер Саюзу кезинде айылдык жигитти тээ орустун килтейген жерине аскерге алып кетет экен. 2 жылга жетип жетпей баягынын кызматы бүтүп айылга келип эле, тили бурула түшкөн экен. Бир күнү суусап келсе, энеси муздак жарма менен күтүп алыптыр. Кесени көтөргөн бойдон көмкөрө ичип жиберип, - Охх ты суволуш немдин жармасы деген имиш.

Турмуш деп эле, ар четке куржун чогултуп кетип баратканда ушул икаяны эстеп койом, мен да келип элге шермендем чыкпасын деп.


Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.