Posts

Showing posts from October, 2015

Маданият маселеси

Тээ илгери Саветтер Саюзу кезинде айылдык жигитти тээ орустун килтейген жерине аскерге алып кетет экен. 2 жылга жетип жетпей баягынын кызматы бүтүп айылга келип эле, тили бурула түшкөн экен. Бир күнү суусап келсе, энеси муздак жарма менен күтүп алыптыр. Кесени көтөргөн бойдон көмкөрө ичип жиберип, - Охх ты суволуш немдин жармасы деген имиш. Турмуш деп эле, ар четке куржун чогултуп кетип баратканда ушул икаяны эстеп койом, мен да келип элге шермендем чыкпасын деп.

мамлекеттик маселелер

Өз алдымча отуруп, Мерседес Соса угуп, эс алуу күндүн эми кызыгына батып отуруп, санааркап кетем мамлекеттик маселелерге баш чиритип... А мамлекетте билебиз, маселе көп. Мисалы, билим берүү. Чоң атам Улуттук Университеттин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн, дипломго чейин деле иштеп келген бирок. Колуна тийген соң диплому, өмүрү да түзүлгөн дароо. Мындан ары, мугалим болот деп. Чоң энем университтен болбосо да, кайсы бир окуу жайдан окуп, ошонун аркасы менен мугалим болуп келген. Өз атам, ал да алып дипломун дароо ишин тапкан. Орустар бизден бөлүнүп кеткиче, ошол кызматын аркалаган. Анан кийинкилерде башталды балекет. Тил билиш керек экен дешти, 3-4 тү үйрөндүк. Компйутер дегени чыкты дешти, чукулуп укулап көп болбосо да тамга тергенди, эсеп кылганды өздөштүрдүк эптеп. А өмүр бою кемирип, иштей турган иштен дагы деле кабар жок. Аз го дипломумдун саны деп, дагы бир экини коштум. Бизде билим анча эмес деп тентип жүрүп, чет өлкөлүк окуулардан чогулттук диплом деген барактарды, а иштен дагы деле
Ата Болуу Башка жашоолор бар дешет, паралелл маралелл. Жок, дүйнө 3D эле эмес, аны муну. Бул дүйнөнү кыйратып жашабаган мен сыяктууларга берки дүйнөлөр кызык эмес. Анын үстүндө эки тоонун чөбүн эңсеген эчкини да билем, кийин эмне болгонун. Ошентип, кээде күлүп, кээде ыйлап карасам отузду ооп баратыптырмын. Жылдар улам тездейт дешет, бир күнү эле биздин бүлөөгө дагы бирөө кошулат деди жубайым. Бу кудай урган Батыштын үй бүлөө алмашкан, аралашкан немесин айтып атабы бу десем, жок курсагында экен али ал күткөн кишибиз. Анан күтө баштадым, бу аялым мага эле эптеп чыдачу эле, мендейден дагы бирөө кирсе, арызын жазып, ары басып кете береби бир жапонду жетелеп деп санааркап койом. Бир күнү кошулду ал. Кыпкызыл бирдеме. Кыйкырат тим эле, аны биз бул дүйнөгө бейиштен ала качып келип, отургузуп койгонсуп. Кыз болот деп, кыпкызыл кийимдерди алып койсом, чорбойтуп чочосун эркек экен. Анан чоңоюп батпай калмайынча кийди баягы кызыл тазыл курткаларды. Башка алып берейин деп акчаны кыйбайм. Бул эм