Posts

Showing posts from February, 2016

Моралдын ээрүүсү / эскирүүсү

Бу башында киши деле кийинчү эмес го. Дардайып, айбандардай эле аласын, төшүн жаппай жүрө берсе керек. Анан суук тийгенби эмне балээ, иши кылса бу жүнү жок, алсыз немелер тери пери жамына баштаса керек. Анан айрым жерлер өзгөчө маанилүү экенин билип, анан жаап - сактап жүрүп, адатка айлантып анан анан кокуй жаппаса болбойт дешти окшойт. Бирок, ушу аланы жапкан менен ачкандын ортосундагы өтүү деле оңой болбосо керек, бирдеме ороп алгандарды, - иий нең. Мне, сеники кичикий болуп, көргөзгөндөн уялып атасыңбы, аны муну деген кептер деле өтсө керек. Ал тургай жамынгандарды кошпой, тур нең, кичи чочолуу, нары тур эй деп кошушпай, кыйлага кыйнаса деле керек. Бу адамзаты кылат аны. Ал кезде ООН моон да жок, сот десең а да жок, болсо деле биздин кыргыздардыкындай бир күнү актап, бир күнү боктогон неме болсо керек, анан ал бечара дагы суука үшүгөн немелерди таап, өзүнчө үйүгүшүп, коом түзүшүп... Кийин, көбөйүп кеткенде жылаңач килиңдетип жүргөндөрдү кайра басмырлашса керек, кийимчендер өч ал

Керексиз

Билбесең, башыңдан өткөрүп оор кайгыны, түшүнбөйсүң түгөнбөчүдөй көз жаш агызып, күйүттөн онтогонду. Укпасаң, болоорун бир мукам добуштардын, Термелип, жоготкон өзүн. Унуткан баарын, обон уккандарды байкабайсың. Сүйбөсөң, таштап баарын, бой уруп. Жалгыз гана бирөө деп, бирөөнү угуп. Ашыктар акылсыздар, сен үчүн.