Моралдын ээрүүсү / эскирүүсү


Бу башында киши деле кийинчү эмес го. Дардайып, айбандардай эле аласын, төшүн жаппай жүрө берсе керек. Анан суук тийгенби эмне балээ, иши кылса бу жүнү жок, алсыз немелер тери пери жамына баштаса керек. Анан айрым жерлер өзгөчө маанилүү экенин билип, анан жаап - сактап жүрүп, адатка айлантып анан анан кокуй жаппаса болбойт дешти окшойт. Бирок, ушу аланы жапкан менен ачкандын ортосундагы өтүү деле оңой болбосо керек, бирдеме ороп алгандарды, - иий нең. Мне, сеники кичикий болуп, көргөзгөндөн уялып атасыңбы, аны муну деген кептер деле өтсө керек. Ал тургай жамынгандарды кошпой, тур нең, кичи чочолуу, нары тур эй деп кошушпай, кыйлага кыйнаса деле керек. Бу адамзаты кылат аны. Ал кезде ООН моон да жок, сот десең а да жок, болсо деле биздин кыргыздардыкындай бир күнү актап, бир күнү боктогон неме болсо керек, анан ал бечара дагы суука үшүгөн немелерди таап, өзүнчө үйүгүшүп, коом түзүшүп...

Кийин, көбөйүп кеткенде жылаңач килиңдетип жүргөндөрдү кайра басмырлашса керек, кийимчендер өч алып.

...

Тээ совет маалында деле аңгилисче билгендерди же кудайга ишенгендерди мазактап жүрүшпөдү беле. Эми, динчилер динчи эместерди көк мээ, жолун таппаган галдирлер деп жатышкандай.

Ар коомдук өзүнүн моралы болот окшойт, шермендечилик бул доор менен мааниси өзгөрөт.
Жаштарда ыйман, бет жок дегендер деле жаштарды өзүнүн моралы менен таразалап анан ошол эски морал айнегинен кир көрүнгөнүнөн сөгүп отурушса керек.

Коомдук эрежелер деген бар, буларды бирок жазып чыккан деле жан жок.
Динден алынган эрежелер бар, ал динден болбосоң талаада эле калдың.
Кичине кезде үйрөтүлгөндөр бар, чоңойгондогу апдейт жок.
Ата эне үйрөткөндөр бар, анан эле төшөк маселесине жетип жетпей уландысы кийинки сандарда десең а да жок...

Бу моралды бирөөдөн күтпөй, бир динден таппай өзүң курашың керек окшойт...

Comments

  1. Чоңойгондогу апдейт жок) ))

    ReplyDelete
  2. Чоңойгондогу апдейт жок) ))

    ReplyDelete

Post a Comment

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.