Керексиз

Билбесең, башыңдан өткөрүп оор кайгыны,
түшүнбөйсүң түгөнбөчүдөй көз жаш агызып,
күйүттөн онтогонду.

Укпасаң, болоорун бир мукам добуштардын,
Термелип, жоготкон өзүн.
Унуткан баарын, обон уккандарды байкабайсың.

Сүйбөсөң, таштап баарын, бой уруп.
Жалгыз гана бирөө деп, бирөөнү угуп.
Ашыктар акылсыздар, сен үчүн.

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.