Адам боло албагандан тажоо


Тынч жашай берсең, дүйнө бул сен жашаган Кыргызстан анан телевизордогу башка өлкөлөр эле болсо, көп деле чатак жоктой. Үстүнө бир аз "шүгүр де!", "тагдыр да" дегендерди кошсок, улана берчүдөй жашоо, жакшы же жаман экени билинбей. Отуздан оогондо балким андан деле эрте, өзгөрүүгө болгон же башкача жашоо болуусу мүмкүндүгүнө ишенбей баштайсыз. Сырттан келгендердин сылыктыгын келесоолугу деп баалайсыз. Жылмайганын алдайт деп түшүнүп, кечирим сураганы түшүнүксүз сезилет.

Башында акыл издейсиз, себеп издейсиз, түшүнгүңүз келет эмнеге адилеттүүлүк жок деп, кийин адилеттине рахмат айтып, деги эле адилет сыяктуу даамданган нерселер болсун дейсиз. Аны да таппайсыз, издегениңизге өкүндүртөт. Мисалы, ооруканага барсаңыз аткана сымал, көгөргөн дубалдар, ийне сайып отуруп, уатсапта ушак жазган медайымдар. Тойго жөнөгөн ооруканадагы жалгыз доктур, жалгыз наристеңиздин жаны кыйналганын көрүп, чабалактаган сизге берилген оорудан да оор, муздак жооптор: - Жалгыз эле сиздин балаңыз бар бекен!? - Эмне эле болуп атасыз!

8 саат иш убактысынын 2 саатын да иштей албаган кызматкерлер. Тейлөө суранган сизди, жек көрүү менен кабыл алгандар. Болжолгон, белгиленген убакыттан 1-2 саат кечигилип башталган жолуугулар.

Жолго чыксаңыз коомдук унаалар кордоо унааларына айланган. Телефонунун үнүн өчүрө албагандарга толгон, унаа ичин жаңырта айдоочунун уккан радиосу, кулак тундурганга жардамга келген жолоочулардын телефон менен маектери. Эгер дагы да тойо элек болсоңуз буларга, сүйүнчү -  чөнтөкчүлөр телефонуңузду же капчыгыңызды көтөрө кеткен.  Айдоочу унаада жалаң терминаторлор бар дейби айтор, өлбөс житпес темир немелерди ташыгандай жоопкерсиз коопсуздука.

Жок, тойдум мен коомдукуна деп жеке унаа алсаңыз эреженин баары жойулгандай айдагандар күтөт сизди. Күтө албагандар, шашкандар күтөт. Каршы тараптын жолуна чыга качкандар, жөөлөп айдагандар, 1 секунда чыдабай сигнал баскандар. Мынча шашкандар көп, эмнеге дээрлик баардык жолугушууга кечигип келишет бул өлкөнүн адамдары дейсиз, калган болсо кичине акылыңыз (же акылсыздыгыңыз) суроолорду сурайсыз.

Жообу бир эле, сиз бул өлкөдө төрөлгөнсүз, күнөөңүз да ошол.



Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.