Posts

Showing posts from January, 2016

Калкостуктан качуунун жолдору

Бүгүн көчөгө чыгалы дедик. Бала көргөнү келгендер Бишкектен кийгизген Көк шымы өтө калкос көрүнгөндүктөн, Юниклонун дежүр шымынан бирди эки бутуна өткөрө салып, экиге чыгайын десе да "чычам, сийем" дебеген уулумдун жалайагын даярдаганы жубайым туруп кетти. Мен да өз арбайымды согоюн деп, үйгө кийген шымымды чечип, кийим издеп отурсам, "хи хихи хи" деп уулум ыштанчан мени шылдыңдай баштады. Чечинтип койсо, чочосун жаба албаган бул басмачыга ким үйрөттү жарым жылаңачтарды шылдыңдаганды... Эми чыгалы дегенде баягы шымына сууну төгүп жетип келди. Энесин уралы эшиктин деп, үйгө эле отурмай болдук. Чокубузгабы? Сыртка чыгам деп жээликкен балам, заматта бизди кууруп жиберди. Натыйжасында көк калкос шымын кийгизип чыгардык. 

Бир үзүм бакыт

Негизи улут намысы, кадыры жөнүндө жазайын дегем. Клавиатура терип отурсам, уулум тиземе ээгин жөлөй жаныма келди. Таптаза эки көзү менен тиктей, маймыл тилинде бирдемелерди кобуранып, тамак талап кылганын билдирди. Өткөндө ала келген чипстерден бирди үмүт кылганын биле, бирөөнү ачтым. Ачсам, жөжө сымал оозун ачып, али отуз боло элек (азуулары чыга элек) тиштерин көргөзүп, талабынын таламында чечкиндүү экенин билдирди... Жазуусун да, твиттерин да энесин урайын дедик да чипс жеп кирдик; - Ме, ач оозду. (Кытыр күтүр кытыр күтүр) Жеп түгөткөндөн кийин, бош калган баштыкты карматсам, таштандыга таштап келди. Иий, муну пайдаланса болот экен деп калдым. Дароо телефонго жөнөттүм сайылып турган жеринен алып келсин деп. Ошону бекер кылыпмын; бир аздан кийин баягы телефон менен ар нерсени ургулап жүргөн жеринен телефонду куткарып калдык, оокат деген кийин экен. Бир эки сааттай согушуп, тумшука беш алтынын жегенден кийин качып кеттим, жубайым калтырып. Ошо бойдон уктаптыр уулум. Түнү тоңуп б