Posts

Showing posts from September, 2013

Ме сага 30 жаш!

*** Ме сага 30 жаш! Келе жатат, токтобой. Кичинемде чөмөлөп эми бүткөн чөптү суу каптаган эле. Демейде, билектей сууга зар болгон, ошол күнү суудан кутула, токтото албай ыйлагым келгени эсимде. Улам колумдагы айры менен топо чукусам да болбой, ар бир талын чалгы менен чаап, чөмөлөгөн чөптөрдү чиритчү суу каптаган. Азыр да каптап келе жатат. Бул жолу суу эмес, 30 деген жаш келе жатат. Кээде жалаң бойдоктор менен жолугуп, түнү бою ичүүлөргө катышып, кийимдин да жаштар кийгенине жашынсам да, токтобой, менин алсыз аракеттериме карабай каптап келе жатат. Бир нече айдан кийин 30 га чыгам. Кечээ эле кеткен кыздарга ичим ачышып, андан сулуусун, андан сонунун табам, деп жулунган неме элем го. Кечээ эле, башкалардын ийгилигин карап, мен али отузда эмесмин, жетем дечүмүн. Отузга чейин мойтойгон кыздуу болмокмун. Дагы бир мышык бакмакмын, баягы сары алтын итти алмакмын. Бир эки тил үйрөнмөкмүн, бир эки иш алмаштырмакмын, өч алмакмын студент кезимде жетпегендеримди алып. Токтой турчу дегим кел