Ме сага 30 жаш!

***
Ме сага 30 жаш!


Келе жатат, токтобой. Кичинемде чөмөлөп эми бүткөн чөптү суу каптаган эле. Демейде, билектей сууга зар болгон, ошол күнү суудан кутула, токтото албай ыйлагым келгени эсимде. Улам колумдагы айры менен топо чукусам да болбой, ар бир талын чалгы менен чаап, чөмөлөгөн чөптөрдү чиритчү суу каптаган. Азыр да каптап келе жатат. Бул жолу суу эмес, 30 деген жаш келе жатат. Кээде жалаң бойдоктор менен жолугуп, түнү бою ичүүлөргө катышып, кийимдин да жаштар кийгенине жашынсам да, токтобой, менин алсыз аракеттериме карабай каптап келе жатат. Бир нече айдан кийин 30 га чыгам. Кечээ эле кеткен кыздарга ичим ачышып, андан сулуусун, андан сонунун табам, деп жулунган неме элем го. Кечээ эле, башкалардын ийгилигин карап, мен али отузда эмесмин, жетем дечүмүн. Отузга чейин мойтойгон кыздуу болмокмун. Дагы бир мышык бакмакмын, баягы сары алтын итти алмакмын. Бир эки тил үйрөнмөкмүн, бир эки иш алмаштырмакмын, өч алмакмын студент кезимде жетпегендеримди алып. Токтой турчу дегим келет убакытка. Көп нерселер бар эле, аткарыла элек. Бир паспортту да визалар менен, кирди чыкты деген аеропорт штамтары менен толтура элекмин, кашайып эми жарымдаганда мөөнөтү бүтүп, алмаштыртышпадыбы. Дагы акылдуураак болмокмун, эмдигиче футболдо стол койгулап отурам, эмоцияларымды башкарып үйрөнө элекмин, ызалануум бар дагы эле. Эч ким жок болсо китеп окуп отуруп да жаш алып алам көзүмө, отузга чыкканда токтомок, жоголмок бул "келесоолуктарым".


Ийгилике жетмекмин, иш курмакмын... А сен эрте келдиң окшойт, Жантөрө Сатыбалдиевдин "кышындай" эле "күтүүсүз" келдиң, эй 30 жаш. Суйулган чачтарымдан билгем, бирок. Абдан кылгым келген жиндиликтерди, кой уят деп ойлой баштаганда сезгем, келээриңди. Балмуздактын даамы жоголо баштаган болчу, ар бир алган буюмумда кубануум азая баштаган, азыраак сүйлөшүп, көбүрөөк унчукпай калгам. Жаңы ырчылар абдан жаш көрүнүп, эң сонун ырлар тээ 2000 чи жылдардагы деп ойлой баштагам. 

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.