Posts

Showing posts from January, 2019
Өмүр канча сом ия? Окуучуну сүзүп өлтүрдү, сүзүшүп өлдү, ала салып кетип.. ичиндеги 5 жашар наристе өлдү, мигрант өлдү жолдо кырсыктан. Ар күнү өлүм окуйбуз, өлүм угабыз, себеби дайыма бир - жол кырсыгы. Кандай кырсык да бул, ар күнү болсо да алды алынбаган? Кырсык десе бир болоор, эки болоор бирок бул кырсык эмес, бул деген кырылуу же кыруу го? Бул деген кырсыкты күнүмдүк жашоодогу көнүмүш адатка айлантуу го? Өлүмгө көнүү го ар күнү жолго чыкканда. Майданга чыккандай, ак кепинин камдап, мурасын айтып  ар таң менен маршруткага чыгабы шаар жашоочулары? Менин өлкөм мейли мени турак жай менен камсыз кылбасын, мейли мага балдарыма укмуш билим бере албасын, ой мейли пулу барды кудай кылбай, катардагы жаран катары кабыл ала албасын, эч болбосо көчөгө чыкканда өлтүрбөй житирбей аман сактап калса болобу? Аскеринен тартип сактоочусу бир канча эсе көп өлкөдө кандай эле жолдун эрежесин сактатууга далалат кыла албайт? Кандай эле КЫРСЫК деп, калк деле көнүп алат өлтүрүүгө? Эч болбос

Силер эмне кыласыңар?

Ар күнү барактаган жаңылыктар жамандыктарды санап баштаганда, өз ордуңду бул жашоодон таппаганыңа ишенип калганда, тели теңтушту карап алар жыйнаган байлыка жете албасымды байкаганда... Үмүтсүздүк дайымкы анан көнүмүш болуп алганда мен акырын уулдарымдын улуусун кучактап, кичүүсүн боорума көтөрүп жыттап жыттап алам. Унутам баарын. Жубайымды акырын карап, бу бечара эмне болуп мени сүйүп калды экен деп, ага жеткирген тагдырыма сүйүнүп, отуруп калам. Силер эмне  кыласыңар?