Өмүр канча сом ия?


Окуучуну сүзүп өлтүрдү, сүзүшүп өлдү, ала салып кетип.. ичиндеги 5 жашар наристе өлдү, мигрант өлдү жолдо кырсыктан. Ар күнү өлүм окуйбуз, өлүм угабыз, себеби дайыма бир - жол кырсыгы.

Кандай кырсык да бул, ар күнү болсо да алды алынбаган?
Кырсык десе бир болоор, эки болоор бирок бул кырсык эмес, бул деген кырылуу же кыруу го?
Бул деген кырсыкты күнүмдүк жашоодогу көнүмүш адатка айлантуу го?
Өлүмгө көнүү го ар күнү жолго чыкканда. Майданга чыккандай, ак кепинин камдап, мурасын айтып  ар таң менен маршруткага чыгабы шаар жашоочулары?

Менин өлкөм мейли мени турак жай менен камсыз кылбасын, мейли мага балдарыма укмуш билим бере албасын, ой мейли пулу барды кудай кылбай, катардагы жаран катары кабыл ала албасын, эч болбосо көчөгө чыкканда өлтүрбөй житирбей аман сактап калса болобу?

Аскеринен тартип сактоочусу бир канча эсе көп өлкөдө кандай эле жолдун эрежесин сактатууга далалат кыла албайт?

Кандай эле КЫРСЫК деп, калк деле көнүп алат өлтүрүүгө?
Эч болбосо бир ай бою жол кырсыктарын эмнеге маалымат каражаттары туура бере албайт: Бүгүн Баланчаев Түкүнчө саатына 100 менен бара жатып, 30 мн өтчү жерден, бирөөнүн көрөөр көз баласын өлтүрүп салды деп жаза албайт?

Эмнеге ал адамдын - адам өлтүргөндүн айдоочу күбөлүгү текшерилбей калат ким бергени, кайсыл адам мындай адам өлтүргүчтү куралдантууга уруксаат бергени изилденбейт? Ага айдоочу күбөлүгүн берген мекемелер бул өлүмдү, бул кылмышты кебелбей гана кабыл алат да жазасыз калат?

Эмнеге бул өлтүрүүнү жабыркаган тараптын доо арызы жок, тартип сактоочулары каттай албайт? Каттаса, сотко өткөрүп камата албайт? Каматса да, каректей уулун же кызын жоготкондор, ДООМ ЖОК эми деп өмүрдү бир канча сомго сата алат?

Же өлүм ушунча арзанбы, өмүр ушунча кымбатпы...


Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.