Posts

Showing posts from July, 2013

Атоосуздар

Image
Би 2 "Дуба" (Молитва) 2 километр узундугу. Бүгүнкү чуркайм деген алыстык. Ойготкон саат менен согушуп, денемди алдап, күчтөп сууга жеткирип... Ар күнү ойгонгондо чече албай келген суроону дагы бир жолу ойлонуп: 1. кофе ичсемби же тиш жуусамбы, анан алардан мурда бир тамеки күйгүзүп анан чуркайын дедим. Көңүлсүз. Чыксам жаан. Бороондуу күнү кычайт да баары. 3 жылдан бери чуркай албай жүрөм! А дегенде бутума жок дедим. Аны алган соң, эмне жынсы шым менен чуркамак белем дедим... Шым да табылды. Баары толук десем, элдер "running nike" деген футболка менен чуркаарын байкап калдым. Кудай берди. Ал жок болсо, чуркасам эле териме чыланып, чыла жыттанып калчудаймын! Жалкоого шылтоонун жытын айт, ал себеп кылып бышырып берет. Бир күнү белек болуп келген баштыкты ачсам, баары толуктап сатып келиптир жубайым. (Жаным деп жазмакмын, өлөт го бул эмитеден жаны- маны дейт, деп адабий тил...) Кутулууга жол жоктой. Ысык кайтсын дейин десем, кечээки 34 градус жок, 22... Телефондо