Атоосуздар

Би 2 "Дуба" (Молитва)

2 километр узундугу. Бүгүнкү чуркайм деген алыстык. Ойготкон саат менен согушуп, денемди алдап, күчтөп сууга жеткирип... Ар күнү ойгонгондо чече албай келген суроону дагы бир жолу ойлонуп: 1. кофе ичсемби же тиш жуусамбы, анан алардан мурда бир тамеки күйгүзүп анан чуркайын дедим. Көңүлсүз. Чыксам жаан. Бороондуу күнү кычайт да баары. 3 жылдан бери чуркай албай жүрөм! А дегенде бутума жок дедим. Аны алган соң, эмне жынсы шым менен чуркамак белем дедим... Шым да табылды. Баары толук десем, элдер "running nike" деген футболка менен чуркаарын байкап калдым. Кудай берди. Ал жок болсо, чуркасам эле териме чыланып, чыла жыттанып калчудаймын! Жалкоого шылтоонун жытын айт, ал себеп кылып бышырып берет.
Бир күнү белек болуп келген баштыкты ачсам, баары толуктап сатып келиптир жубайым. (Жаным деп жазмакмын, өлөт го бул эмитеден жаны- маны дейт, деп адабий тил...)
Кутулууга жол жоктой. Ысык кайтсын дейин десем, кечээки 34 градус жок, 22...
Телефондон ар ырды өткөрүп отуруп, акырын чуркай баштадым. Паркка жеттим, кинодогудай кыска кийимчен, сонун денечен чуркаган деле кыздар жок. Кемпир, чалдан 6-7 өө жүрөт... Санап отурам, 500 метр -600, 700, 800... Аздан бүтөт деп отуруп, андан соң музыкага алаксып кетипмин. Себеби, Би 2 ырдай баштады.
Кайра кайталатып, угуп отуруп, бир маалда байкасам 5,3 км чуркап койуптурмун...

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.