Той ашка анан расмий майрамдарга тийбегиле
Жакында эле 6 000 000 болдук, кудай ушуну кут кылсын дечи, бирок бу беш миллион менен эле бетегеден жампа терип, свет жетпей жетсе акча жетпей, акча тапсак ашка жетпей шермендебиз чыкты эле, эми 6-7 милион болсок мне балээ болот да... Санаган киши да кыйын неме окшойт, кокус эми төрөлөөрдө бирөө жарым ары карап кетсе не болот дебей коркпой санаганын. Үйдө бир бала төрөлсө эле тойдон башыбыз, казандан колубуз чыкпай калат анан толгондон 6 милионунчу төрөлсө жөн калабызбы, Атамбаев акчаны аябай, Сариев дароо эле аны дароо эле тартиптүү, эстүү кысчу жерин кысып жүрчү кыз кылып анан келин кылып, байбиче кылып айтор батадан керилип эле кенен берип калды. Кечке жуук салют айтор койчу, ат чаптырып, улак кылбаганыбыз эле калды. Негизи, эркиндик дегенде эле тойдон баштаппыз карап көрсөм. Экономика эми көчүкө кирди дегенде дароо бир той ойлоп чыгабыз. Бу жек жаатты анан карым катнашты той менен курап, эстеп анан бийлике келген атка минерлер анан башка эмнени ойлосун... Так ошол күн