Данияр Айтман`дан тараган зыяндардын алдын алуунун БЕШ жолу

Бул күндөрү кыргыз эркектерине анан кайненелерге кыйын болгону калды. Данияр Айтман деген чыгып, Келиндер Козголоңу кылчудай.

Күнүгө; -  "каякта жүрдүң? Беш жүз сом берчи, тигини алайын, Бууракандар жаңы машине алыптыр, Тээ Тиоманын аялы дыңкыйып учурашпайт" дегенден башканы сүйлөбөгөн жубайларыбыз, Айтманды карачы аялын Аңгилянын Ханайымындай карайт экен деп баштады.

Тили узундар анан кеп жебегендерге кутулган оңой, бу байкабай колго түшкөндөрдү сактап калайын деп 5 жооп ойлоп, аны эркектер менен бөлүшөйүн дедим. Пул сурабайм, каалашыңарча колдоно бергиле.

Жубайыңыз;-  Данияр Айтман дегенчи, э деп баштап келе жатканда эле берилчү беш жооп!

1. - Ой, аның кайын журту менен бутуна туруптур.
(канчообузду кайын журтубуз тургузду эле, андыктан бутка тургузгуч төркүнү жок экенин эстеп, аялдарыбыз акылына кайтаар)

2. - Кайнатасы неменин министири экен.  Анан чокусуна аялына тили өтөбү.
(Так министирлик айтпагыла, ошону менен токтоткула. 5-6 министирдин кыздарын сүрүштүрүп жүрө берсин, кудай жалгап бизде министир бат баттан алмашчу эле, акчасы түгөнгөн партия кийинкиге өткөрө берип)

3. -Сыртта иштейт экен, визасы аялына аформит этилиптир. Кыңк десе, депорт жейт экен. Шого онуң шондой да.
(Паспортко эптеп жеткен кыргыздар, визанын түрүн кайдан билсин, камыр менен баладан башы чыкпаган аялзаты айрыкча)

4. - Балдар айтыватат, тааныйт кен аны. Мыкынын байкеси экен, жазганда эле ошондой дейт, а мындайда тумшука эле койот экен ал деле. Чыгарма да, жаза берсе, сендейлер ишене берет....
(Бир эки ат, анан сан колдонуп, жомокту деле чын деп ишендирсе болот, тээ Жогорку Кеңешке тетигилерди шайлаган элден тактоо, изилдөө анан чукулоо дегенди ким күтсүн...)

5. - Аны деген атайын ислам өлкөлөдүндө согуш болсун, эл тынч жашабасын деп Си Ай Эй жибериптир, айлыгын берип, борбордон килтейген элитка карматыптыр.  Үчүнчү күчтөрдүн кишиси экен...
(Бул өлкөдө өлгөн чычканды да еврейлер менен үчүнчү күчтөргө шылтаса болот, эң айла кетсе ислам душмандары десең, кандай ботко болсо да карабай жейт бечара эл)

Мына, эркектигибизди жана салт санаабызды сактоонун беш жолу. Бул эми Данияр Айтман сендромуна каршы эле жооптор. Мындан сырткары, дайымкыдай эле батыштан келген бузуку күчтөр келиндерди кутуртуп, укук берип, бу Бака баштуу эркек алтын баштуу аялдан артык деген сонун макалдарыбызды эскиртип, көчөнү бузулган жылаңач аялдар менен кызтекелерге толтургусу бар, абайлайлы. Мындай кыйын күндөрдө биригип, Кыркка жетпесе деле бир канча Мокочо деп уюшуп иш кылалы.

Улуу анан укмуш кыргыз элинин улуттук каада салттарын сактап, дүйнө маданийаты анан глобалдашуу деген дөөдүрөктөргө кошулбай, буга чейин кандай түркөй болсок, дал ушунубуздан жазбайлы.


Comments

  1. Аяшка окуп алып отунду албайбы я?

    ReplyDelete

Post a Comment

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.