Ак ийилет, сынып деле кетет

Ар күнкүдөй эле, бүгүн да кой тоскону барган Айбек уй менен кошо аралаша түшкөн койлордон толуктап жетишпей калды. Анчейин деле көп кой эмес болчу, жайда колдо калган чабырлар анан сойушка дегендерден куралган он, он бештей. Улам ар короого чубалып кирип жатып, Айбектин үйүнө жеткенде, кочкордун жок экенин байкады. Короонун эле эмес, кой кесүүнүн көркү болгон кочкорду кантип байкабай калдым деп, санааркай дарбазаны илип эле издеп жөнөдү. Кыядан түшөөрү менен биринчи эле үйгө, Сапандыкына кирсе керек деп божомолдоп койду, себеби ошол жерден уй менен кой аралаша түшүп, жетишпей калган эле.

Ал үйдө классташы жашайт эле, бирок жеткиче көз байланы, караңгы кире баштады. Бул айылда үй, бакча айланта тосуп, дарбаза койгон али баштала элек болчу, СССР тараганда кой сарайдан үлүшкө таратылган темир тордун бирин эшик алдына тосуп койушкан экен, анын алдында бир топко ышкырып, Максаттап кыйкырып отурду. Чыккан жан болбоду, көчө жагындагы короонун эшигин түртсө бек, кара тайгандан корксо да, кочкор жоголсо, атасынын каарынан корко, айласыз үй алды менен короого кирди. Кирээрде ит да үрбөдү, короодо беш алты эчки менен эки эле кой бар болчу. Эми короодон чыгаарда, Сапандын улуу баласы чыга келди да, дароо эле жакадан алып, -Эй ууру, тоокторду сен уурдачы турбайсыңбы деп, жаактан ары эки үч ирээт чаап жиберди. - Кой издеп келгем, деп айтып жибергенин да байкабаган Айбекти жакасынан сүйрөй, көчөгө алып чыгып, көчүктөн ары тээп түртүп жиберди.

Жолдо көздөрү жашылданып келе жатып Айбек ыза менен таанышты. Ысыган бетинин деле оорусун сезбеди, эң оорутканы Ууру деп аталганы болду. Өмүрүндө бирөөнүн бир буюмун кымтып алганды кой, жолдо тапканын алгандан тартынган наристеге, кылбаган кылмышынын уяты абдан оор тийди. Эч кимге да айта албады. Үйгө кирбей, короого бурулду. Аштоонун кырына отурду да, үнсүз ыйлап жатты...
Ачык калган короодон кочкор кирип келди да, акырын мойнун созуп, ыйлап отурган Айбектин кийимин жыттап көрдү...

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.