Posts

Showing posts from 2018

Адам боло албагандан тажоо

Тынч жашай берсең, дүйнө бул сен жашаган Кыргызстан анан телевизордогу башка өлкөлөр эле болсо, көп деле чатак жоктой. Үстүнө бир аз "шүгүр де!", "тагдыр да" дегендерди кошсок, улана берчүдөй жашоо, жакшы же жаман экени билинбей. Отуздан оогондо балким андан деле эрте, өзгөрүүгө болгон же башкача жашоо болуусу мүмкүндүгүнө ишенбей баштайсыз. Сырттан келгендердин сылыктыгын келесоолугу деп баалайсыз. Жылмайганын алдайт деп түшүнүп, кечирим сураганы түшүнүксүз сезилет. Башында акыл издейсиз, себеп издейсиз, түшүнгүңүз келет эмнеге адилеттүүлүк жок деп, кийин адилеттине рахмат айтып, деги эле адилет сыяктуу даамданган нерселер болсун дейсиз. Аны да таппайсыз, издегениңизге өкүндүртөт. Мисалы, ооруканага барсаңыз аткана сымал, көгөргөн дубалдар, ийне сайып отуруп, уатсапта ушак жазган медайымдар. Тойго жөнөгөн ооруканадагы жалгыз доктур, жалгыз наристеңиздин жаны кыйналганын көрүп, чабалактаган сизге берилген оорудан да оор, муздак жооптор: - Жалгыз эле сиздин балаң