Posts

Showing posts from March, 2019

Улуттук талантыбыз

Image
Илгери акыйнек айтып урушчу дейт . Кемсинтүү басынтууну салтка айлантып, аны улуттук каада салтка кошуп алганыбыз эле, негизи эл  катары башка элдерден канчалык улуу экенибизди албетте билдирет. Кийин сойус аркы беркиси келип, камунисттер эмгектен качканды, пикири Сталин сонун, Ленин укмуш дегенден башканы гезити радиосу менен жамандап, ар калем кармап шалбырата маданий сөгө алганга айдактатып, бу шылдыңдоо, жектөө дегенди кудайга шүгүр, кыйла эле өркүндөттүк. Кийин орустар менен ажырашканы (азыр деле анча мынчада бир түнөгөн, бирок эл көзүнө ажырашкан түгөйдөй болсок деле) сөз эркиндиги деди эле,  аны биз бирөөнү жөн жерден гөттөө эркиндиги дедик да, шатырата эле сөгүшүп кирдик. Ошентип токсондордо кемсинтип, сөгүп анан мушташа кеткен деген үч деңгээлди дароо аттадык. Эми болду го, жетээр жерибизге, кирээр тешиктин тереңине кирдик го десек, жок бар экен дагы ылдый түшчү, бу заман менен кошо ар балээси чыгып, чеги ушул дегендердин чексиз экенине да билине баштадыбы, айтор интер

Туура эместер

Туура эместер Билсең да ката экенин, кагазсыз далилсиз ишенсең да, туура эместигине. Сүйсөң да "туура эмес" адамды сага, ичимдеги сезимиң жалпактап өзүңө - алдап, наалат айтып -каргап, кээде тике туруп, тартынбай тактыгынан, тунуктугунан акылдын - каршы чыгат, сүйүп башканы. Эмнеге дегенге берээр эч жообу жок, себепсиздиктерден таап бир нерсе, албууттана айгашып, ТУУРА дегенге, эт бетинен кетип ашык болуп алат. Кээде кашайтса жанды көрдүгү менен, кээде боор оорутат болбоско каршы берген утулаар күрөшү менен. Анткени сүйөм дейт... Турса да түбөлүккө деп баш кошкон жары ар күнү ашын камдап, башын жөлөп. Турса да, кыздары оролуп ойноп, уулдары улам күлүп эмерчиктеп, айланып. Болбойт, сүйөт. Башканы, туура эмести. Миң туураны бир ката менен тебелеп. Сүйүү акылдуулар үчүн эмес. https://www.youtube.com/watch?v=4PwpUTTo9YE&list=RDnVXUmbnMIFM&index=2