Улуттук талантыбыз


Илгери акыйнек айтып урушчу дейт . Кемсинтүү басынтууну салтка айлантып, аны улуттук каада салтка кошуп алганыбыз эле, негизи эл  катары башка элдерден канчалык улуу экенибизди албетте билдирет.

Кийин сойус аркы беркиси келип, камунисттер эмгектен качканды, пикири Сталин сонун, Ленин укмуш дегенден башканы гезити радиосу менен жамандап, ар калем кармап шалбырата маданий сөгө алганга айдактатып, бу шылдыңдоо, жектөө дегенди кудайга шүгүр, кыйла эле өркүндөттүк.

Кийин орустар менен ажырашканы (азыр деле анча мынчада бир түнөгөн, бирок эл көзүнө ажырашкан түгөйдөй болсок деле) сөз эркиндиги деди эле,  аны биз бирөөнү жөн жерден гөттөө эркиндиги дедик да, шатырата эле сөгүшүп кирдик. Ошентип токсондордо кемсинтип, сөгүп анан мушташа кеткен деген үч деңгээлди дароо аттадык.

Эми болду го, жетээр жерибизге, кирээр тешиктин тереңине кирдик го десек, жок бар экен дагы ылдый түшчү, бу заман менен кошо ар балээси чыгып, чеги ушул дегендердин чексиз экенине да билине баштадыбы, айтор интернет деген балээ кирди.


Илгери бир айылга араң таанылган ажаандар а деп, аднаклассникиге, кийин моймирге анан гейсбука чейин даңкы жетип, заматта тааныла түштү.  Мурда сөгүнгөн сөз байлыгы саналуулар, башкалардан ашата сөгүнүүнүн түрлөрүн да үйрөнүп, эл ичи өнөр кенчи демекчи баягы ашатуу анан каргоо дегендер түркүн түстөнүп, миң кырлана баштады.

Бүгүн да бул талантыбыз - сөгүшүү жана кемсинтүү - өрчүндөп, эң жалындуу жана эң таасирлүү доорун өткөрүп турганы шексиз.
Ылайым инстаграм дагы да өркүндөп, дагы далай ажаанды, омей талантты эл алдына алып чыгат деген ишеним чоң. 
Биз албетте улуу элбиз жана улуулугубузга жана улуттук укмуштуу намыстарыбызга тийгендерди эси көөнүнөн тангыча эшеке салып берип....




Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.