Силер эмне кыласыңар?
Ар күнү барактаган жаңылыктар жамандыктарды санап баштаганда, өз ордуңду бул жашоодон таппаганыңа ишенип калганда, тели теңтушту карап алар жыйнаган байлыка жете албасымды байкаганда... Үмүтсүздүк дайымкы анан көнүмүш болуп алганда мен акырын уулдарымдын улуусун кучактап, кичүүсүн боорума көтөрүп жыттап жыттап алам. Унутам баарын. Жубайымды акырын карап, бу бечара эмне болуп мени сүйүп калды экен деп, ага жеткирген тагдырыма сүйүнүп, отуруп калам. Силер эмне кыласыңар?
This comment has been removed by a blog administrator.
ReplyDelete