Бир үзүм бакыт

Негизи улут намысы, кадыры жөнүндө жазайын дегем. Клавиатура терип отурсам, уулум тиземе ээгин жөлөй жаныма келди. Таптаза эки көзү менен тиктей, маймыл тилинде бирдемелерди кобуранып, тамак талап кылганын билдирди. Өткөндө ала келген чипстерден бирди үмүт кылганын биле, бирөөнү ачтым. Ачсам, жөжө сымал оозун ачып, али отуз боло элек (азуулары чыга элек) тиштерин көргөзүп, талабынын таламында чечкиндүү экенин билдирди... Жазуусун да, твиттерин да энесин урайын дедик да чипс жеп кирдик; - Ме, ач оозду. (Кытыр күтүр кытыр күтүр)

Жеп түгөткөндөн кийин, бош калган баштыкты карматсам, таштандыга таштап келди. Иий, муну пайдаланса болот экен деп калдым. Дароо телефонго жөнөттүм сайылып турган жеринен алып келсин деп. Ошону бекер кылыпмын; бир аздан кийин баягы телефон менен ар нерсени ургулап жүргөн жеринен телефонду куткарып калдык, оокат деген кийин экен. Бир эки сааттай согушуп, тумшука беш алтынын жегенден кийин качып кеттим, жубайым калтырып. Ошо бойдон уктаптыр уулум.

Түнү тоңуп бир ойгондум, электрик боло калган уулум токко сайылгандын баарын жулуп отуруп, жылыткычты да кошо сууруй кеткен экен.

Эртең менен мурдума тийген муштум менен ойгондум...

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.