Ата Болуу

Башка жашоолор бар дешет, паралелл маралелл. Жок, дүйнө 3D эле эмес, аны муну. Бул дүйнөнү кыйратып жашабаган мен сыяктууларга берки дүйнөлөр кызык эмес. Анын үстүндө эки тоонун чөбүн эңсеген эчкини да билем, кийин эмне болгонун. Ошентип, кээде күлүп, кээде ыйлап карасам отузду ооп баратыптырмын. Жылдар улам тездейт дешет, бир күнү эле биздин бүлөөгө дагы бирөө кошулат деди жубайым. Бу кудай урган Батыштын үй бүлөө алмашкан, аралашкан немесин айтып атабы бу десем, жок курсагында экен али ал күткөн кишибиз. Анан күтө баштадым, бу аялым мага эле эптеп чыдачу эле, мендейден дагы бирөө кирсе, арызын жазып, ары басып кете береби бир жапонду жетелеп деп санааркап койом. Бир күнү кошулду ал. Кыпкызыл бирдеме. Кыйкырат тим эле, аны биз бул дүйнөгө бейиштен ала качып келип, отургузуп койгонсуп. Кыз болот деп, кыпкызыл кийимдерди алып койсом, чорбойтуп чочосун эркек экен. Анан чоңоюп батпай калмайынча кийди баягы кызыл тазыл курткаларды. Башка алып берейин деп акчаны кыйбайм. Бул эмне Фешин Тивинин жылдызы беле, болот деп улам которуп койобуз, кызылын чечип, кызгылт шымдан кийгизип. Карасак, бийлик кете баштады бизден. Уктаарда суранабыз, укпайт нең. Ырдап беребиз, тээ жыйырмамда мас болуп ырдагам. Ошондон бери үн созуп көрө элек мен, ырдадым. Анан кызылы тарады бетинин. Төбөсүндөгы кылдар чачка айланды. Кемирип тиштегенде бармакты кыйган тиштери чыкты. Ырсайып күлгөндү үйрөндү. Томпойуп, жөргөлөдү. Бир күнү басты. Өзгөрдү күндөн күнгө. Өзгөрттү күндү күндөн. Байкасам, көбүрөөк күлө баштадык биз да. БУ бала деген неме, акылы токтой элек эки акмакты ата энеге айланта алат экен. Эми азайды кебибиз үйдө дегенде, көбөйтүп салат экен. Бакыт дегенди сагынуу дегенди кайра башынан түшүндүрүп берет экен. Коркуп, балалуу болбой жүргөндөр болсо, дароо эле боло берсин. Сонун нерсе экен, ата болуу

Comments

  1. Жакшы. Бир эле баланын эмес дагы эчендин атасы бол. Бала өзүнүн ырыскы берекеси менен келет дейт. Ал да чын болсо керек.

    ReplyDelete
  2. Жакшы. Бир эле баланын эмес дагы эчендин атасы бол. Бала өзүнүн ырыскы берекеси менен келет дейт. Ал да чын болсо керек.

    ReplyDelete

Post a Comment

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.