мамлекеттик маселелер

Өз алдымча отуруп, Мерседес Соса угуп, эс алуу күндүн эми кызыгына батып отуруп, санааркап кетем мамлекеттик маселелерге баш чиритип... А мамлекетте билебиз, маселе көп. Мисалы, билим берүү.
Чоң атам Улуттук Университеттин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн, дипломго чейин деле иштеп келген бирок. Колуна тийген соң диплому, өмүрү да түзүлгөн дароо. Мындан ары, мугалим болот деп. Чоң энем университтен болбосо да, кайсы бир окуу жайдан окуп, ошонун аркасы менен мугалим болуп келген. Өз атам, ал да алып дипломун дароо ишин тапкан. Орустар бизден бөлүнүп кеткиче, ошол кызматын аркалаган. Анан кийинкилерде башталды балекет. Тил билиш керек экен дешти, 3-4 тү үйрөндүк. Компйутер дегени чыкты дешти, чукулуп укулап көп болбосо да тамга тергенди, эсеп кылганды өздөштүрдүк эптеп. А өмүр бою кемирип, иштей турган иштен дагы деле кабар жок. Аз го дипломумдун саны деп, дагы бир экини коштум. Бизде билим анча эмес деп тентип жүрүп, чет өлкөлүк окуулардан чогулттук диплом деген барактарды, а иштен дагы деле дайын жок... 20 -30 жылда ушул болду, азыр уулум 2 ге чыкканы калды, бул чоңойсо эмнелерди сурайт мундан жакшы ишке кирүүсү үчүн? 10-20 кишилердин тили? 30-40 компйутер тили? 5-6 диплом?

*
Карасам, 3 жаштан кийин математика окуткан окуу жайлар бар экен Чыгыш Азияда... Эске тутуу жөндөмүн эртерээк өнүктүргөн бакчалар, 2 жаштан баштап кабыл алат экен... 7-8 жаштан баштап, код окуткан мектептер...
А өлкөбүздө мугалим жок. Бир класста 40 тан бала. Же мектеп жок. Окуйун десең мектеп жок, бакчадан баштап окутканды кой. Бакча тапсаң, койдой кылып кечке бакканын чоң милдет кылган бакчалар... Аларга да орун тапсаң, батырасың уулуңду. А четтегилер 3 жаштан баштап математика окутат. Биздин балдар дароо эле утулуп төрөлөбү башкалардан? ...

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.