Жаштарга (с) үлгү



Кайсыл убакта кантип өзгөрүп кеткенин билбейм нең, бир карасак эле биз туура жашап, жаштарга жакшы мисал болушубуз керек болуп калыптыр. Өзүм деле али жаш элем, бирок.

Жаштарды билбейм бирок мадыра баштар бу мени өрнөк алаарына абдан эле шегим бар. Же чоң болбосом бир креслону ээлеген, же бир акылман болбосом Нобелден эки үчтү чогултуп, текчеде сыйлыктардан орун тийбей аларга да, бир кутуга тыгып койгон. Андыктан, ары бери карап анан кой бу ырас эле үлгү болбой калдым дедим, үйдө бир кодопыш бар ошого болсом болоормун бир канча ай, балким жыл, жетет ошол түйшүк мага. А тарбияга муктаж жаштарды, мадыра баштарды өзүңөр тарбиялагыла. Өлкө өлкө эмес эле бала бакча ансыз да, тарбиячы - акылман жетиштүү, ач каалаган соц тармакты, жаз Атамбаев аракет кылып жатат деп, канчоосу оңдойт экенин кара... Анан эң чоң санаасын, эми өтөөр бул деле деп акыл калчаган мендейлерден эмне тарбия күтөсүңөр.

Жаштар деп азыркы 17-24 төгүлөрдү айтсаңар, алар балекет. Биздей эмес, делдейип ар сакалы кырылбаган неме айтканга ак сакалдын кеби деп ишенген. Дүйнөдө киши толтура десең, алдына коммент калтырат; - Эй гууглдан карап так жаз, сегиз миллиард үч жүз элүү үч миллион ...

ПС: Өткөндө адатымча бу америка менен орус  кантип согушат деген видеону издеп отурсам, кыргыз киночуларынын кобурашкан тасмасы бар экен, бирөө айтат биз кино менен жаштарды тарбиялаганы атабыз деп... Үмүт анан тилек бул албетте ар кимге кеңири эркин берилген неме, ошентсе да тыйын эле таба берсеңерчи кинодон, ага таалим тарбияны көп аралаштырбай. Мүдөөңөр аткарылбаса мүдүрүлүп, катуу жыгыласыңарбы деген санаа да.

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.