Колкап

Бир колкапты эскерүү

20 жылдан көп Нарында кыш тоскон мен кийинчирээк жылуу жерге көчүп келгени, -6 градуста деле чүрүшүп тоңуп баштачу болдум. Адеп чыйрыгып эле жатам го десем тишим тишиме тийбей, денем жүнү жаңы жулунгун тооктукундай бүдүрлөнүп чыкчу болду. Оронуп, чулганып айга уччу космонавттардай болуп кийинейин дейм, тоолук экенимди эстеп уялам. Элдер үшүбөй эле, сууктан кабары жоктой жүрөт. Эмне балээ жейт да булар тоготпойт деп, уят сыйытты жыйыштырып сурасам Жылуу Тек деген технология менен тигилген кийимдерди кийишет экен. Маданияттан айланса болот, кошулайын бул 21 инчи кылымына деп, жүгүрүп барып дүкөнүнө кирип баасын сурасам, бир ичиктин баасындай экен ич кийимге койгон наркы. Бул технологияны ойлоп чыккандын айлыгынан, небересинин пенсиясына чейин төлөткүсү бар, мен 1990 жылдардын каатчылыгынан чыккан немемин, ич кийимге 100 сомдон ашык берген макоолук дедим да дүкөндө дагы эмне бар экен десем, колкап бар экен, баасы да башка кийимдерге салыштырмалуу арзан. Ичимди го эл карабайт чечинтип, бу көзгө а деп көрүнгөн кол эмеспи, пул берсем деле туура деп чечим чыгара салдым. Булгаарыдай бирок дагы бир балекет технология колдонулуп, суу өткөрбөй, шамал өткөрбөй жеңил имиш. Эң чоңун таап, кийе калайын десем саал тардай. Бул жактын элинин дене бою да чакан болгонго, керип кийингенге кичине көнө баштагам.  Эки үч кийсем чойулат деп, көтөрө барып кыпкызыл акча менен төлөдүм (кредит картым жок болсо анан отура калайынбы).  Кечинде койкойтуп (манжаларым түйүлбөйт, алаканым жайылуу, тар) кийип барсам, жубайым сурабайт кайдан эмне экен деп. Токтоо жаным 2-3 мүнөт күттүм бирдеме дейби деп, дебегенинен эй бери кара, Кор Текс дейт бул технологияны түркөйүм деп ага түшүндүрүп бердим. Айтып айтсам күлүп жиберип,  жарым жылдан ашык кийип жүргөн бут кийимим, күрмөм да ушундай болчу дейт. Жаным күйүп кетти, өзү билип анан мага айтпай жүргөнүнө. Кийим кечекке ашыкча акча кетип жатканын айтып, жаңы сатып алууга бир жыл мараторий жарыялай салдым. Айлардан декабрь болчу, ошол мээлей менен мартка жеттим, дагы эле тар, 1 мм кенейбеди, ар колумду кысканда дүкөндүн сатуучусунан баштап, кездемени токуп чыккан менен ойлоп чыккандын жети атасына жеткире сөгөм, сөксөм деле тар...

Кол каптын суу өткөрбөгөн балекети аба да өткөрбөйт окшойт, колдорум күндөп түндөп мончого түшкөн неменикиндей бырышып чыгат, тердейт анан ансыз да чыптаган колкап колумду чаптап алат, чыкпайт. Баардык кийимимди 5 мүнөттө кийем , неңдиурайын колкапты 5 мүнөттө кийип, 10 мүнөттө чечем. Күнүгө!

Адатымча эптеп колумду куткарып, ухх деп жүзүмдү сыласам жагымсыз жыт жыттанат. Баягы колумду кордогон балекет колкап, баары бүткөнсүп сасытып баштаптыр эми. Өрттөп жиберейин дейм, кычаган маалда алганга кымбатка да түшүптүр бул акмак. Жууп көрдүм, кеткендей жыты. Анан бир эки күн өтпөй кайра баягы! Маселе курчуп баратканга, жубайым менен кеңештим. Мойнума алдым оор болсо да, дагы бир келесоодой нерсе алып, жаңылганымды. Кечирим сураган мүнөздө айттым; - Сен мени карабай, кышка даярдабай, өзүм шашып алганга ушундай болду! Карачы элдин аялдардын, байпагына чейин алып берет эринин. Айтып жатып, бу байпактарды деле жубайым алаарын эстедим. Бирок, бүгүнкүгө бир кечирим суроо жетиштүү болчу. Өкүмдү шарт эле чыгарды жубайым; - Ыргыт!

А деп ошол күнү тамактанган жайга таштап койдум, отургучка. Эми кутулдук деп чыгып баратсак, баягы колкапты көтөрүп жетип келди тейлөөчү кыз. Жок, меники эмес го аны муну десем болчудай эмес, тыпылдаган тың кыз экен;- жана сиз кийип келгенсиз деп колума карматып койду.

Эртеси досумдун машинесине таштадым, бир жолу наушнигим ошол машинеде унутта калып, кайра кайтпай калган эле. Анын үстүнө ал машине көчөнүн маршруткасындай болуп, көп киши түшүп чыкчу. Кечинде Манчестрдин матчын көрүп, ашата сөгүнүп отурсам 3-0 утулуп да аткан, атын чакыргансып байагы колкап кайра келди. Жамандык жетелеше келет тура.

Көк жаным ушуну менен токтобойун деп колкапты жумуштагы таштанды чакага салдым. Кийинки күнү ордума барсам турат кайра шүмшүйүп, кебетесин урайын. Жанына кагаз да жазып койуптур, кечээ түшүп калыптыр деп. Эшикте турган велосипеттин куржунуна салып кеттим. Кайра келди! Келгенде да кеңсеге алып келип, элдер да тааный калып бул тээтигиники, тигине үстөлү, а мына өзү деп дагы колума карматты сасыган мээлейди!

Кечинде футболго чейин кийип бардым да, чечинген бөлмөгө артты карабай ыргыта качтым. Бир жума тынч жашадым анан кайра келди. Тизмеден биздин команданын атын таап, телефон чалып алып кеткиле деди. Бул ирээт чочудум, бир белги берип атабы деп. Дароо бардым да, койуп үстөлдүн үстүнө, сурадым: - Бу мага белги берип атабы, чоң тыйын тыпыр тийеби жакында, эмне аян кылып атасың, эки миң йендик Йуниклонун мээлейи, айтчы дедим. 50 грам да куйуп бердим, эки үч сааттай сырдаштык. Отурдук ал түнү, кучакташып чоогу уктадык. Айлардан да Апрел келген, жуудум колго, эринбей. Атыр сээп, атайын таза абага ээн кургатып, кийинки жылдын кышкы кийимдеринин арасына ардактай, ичине ным соргучтан бирди салып, сандыка каттык. Ошол соңку көрүшүүбүз болду, кийинки жылы сандыктан да чыкпады, бирөө таап келип да карматпады... Чоң сыр бойдон кетти.

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.