Бул доордо ата эне болуу



Бизге укмуш доордо туулдуңар, бактылуусуңар, балекетсиңер дешкен. Эмне экен, биз төрөлгөндө Совет доорунда жашап, эми окууну ортологондо өлкөбүз жетим баладай жалгызсырап өз алдынча бөлүнүп кеткен экен. Анан биз эркин өсүп, ачуу жокчулук менен чоңойуп, каалаганды окуп, көп тил билип, көп нерсе үйрөнүп чоңойуппуз. Айырмабыз болушу керек экен мурдагылардан.

Эмне айырмабыз болушу керек экенин билбейм бирок артта калгандайбыз биздин ата энебизден. Мисалы мен атамдын 30 жашында көргөн 5инчи баласы экенмин, тун уулум 32 жашымда төрөлдү. Мени байкем эжекемдер жетелеп жүрүп, көптүн шары мн чоңойупмун. А үйдөгү кодоо жалгыз 3 жыл хандыгын жүргүздү.Ажатын кылаар учурун аңдып отуруп чоңойттук десек да болот.
4,5-5 жашымда тамга тааныганым үчүн Эйнштейн аталып кете сактадым эле, бу баламды энеси 2 ге чыга электе 3 алфавит, 100 дөй ийри муйру болгон иероглиф үйрөтүп койуп, менин рекордумду шым эле кылды.

Кеч балалуу болгонгобу же ошол маалда бекерчи белек, айтор балалуу болоордо бир канча китеп окуп чыктык, даярданыш керек дешти. Шаар башкармасы бу кыйратпайт дедиби бир маал чакырып, кантип ата болуу керек экенин да айтып беришти. Эсимде калганы, кантип жалаяк алмаштыруу дегени.
Анан чоңойгон сайын чыр да күчөдү, муну эркин койуш керек деп башында ээн эле  койдум эле, азабымды колума берип баштады. Дагы китеп окуп отуруп антип агыта берген да болбойт дегенди таап чыктым. Темирдей тартип кыла баштадым, кылганды айтпаса битаминин да бербей, айтор зулумдук да кошулду биздин ансыз да тантык бала тарбиялоо методикабызга. Карасам ал да жарабайт экен, элейип эле өзү далдыр неме ого бетер далдырай түштү. Өзүмдүн да ичим эзилип, боорум ооруп турган жаным 1-2 жума да чыдабай андан да тайып кеттик.  Дагы чукулап отуруп, бала мн кошо бала болуш керек дегенин таптык, анысы жакты. Иште 10-12 саат иштеп, кечинде келип эле кодоого кошулуп ойноп кетем.
Башында жакшы эле болчу, кийин байкасам оодарылганга ал жок чарчай баштадым. Бу балдардын батерейкасы башкачабы, иши кылса балам кылганды кылсам же балерин эмедей арыктачудай же ары карап кетчүдөймүн ашыкча кыймылдан.

Анан баягы бала өстүргөн ыкмалар жакпай баштады. Отуруп ойлонуп көрдүм, бу бизди методдобой эле, китептебей эле чоңойтушту эле, караманча деле дейди болбодук го? Бу аталарабыз интернети жок эле жакшы, супер ата болушту да анан бизге эмне жин тийди да эмне кылаарыбызды билбей калдык? Же алардын доорунда аталык сезими көбүрөөк, кармаган телефону жок, ээрчиген тренд ээлебей убактысын, жалгыз методу баланы сүйүү болгон да, бизге сүйүктүү ата эне боло алышканбы?

Comments

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.