Биз сүйүүдөн чарчадык



Биз сүйүүдөн чарчадык


Кээде себепсиз урушуулар болду. Кээде унчукпай күттүк кимден чыгат деп алгачкы үн. Түнү чыдап бирге уктап, таң менен бизди "куткарчу" жумушка, окууга шаштык. Уктабай да көп таңдарды атырдык, тунжурап "акылдуу" телефондордон пикир сурадык... Билдик, сездик... Бирок айта албадык; биз сүйүүдөн тажадык. Сүйүүдөн тажадык. Толуп кеттиң, мага жолтоо болбочу, мен китеп окуп жатам, бош эмесмин, алагды кылбачы дегендерди көбүрөөк колдондук. Сагындым, кайдасың, жолугалычы дегендерди унуттук. Жолугууга зар биз, эми ажыроого куштарбыз. Адеп, кыштын узун түндөрүнө батпаган маегибиз, эми эки сүйлөмдөн ашпай баштады. ..


Comments

Post a Comment

Popular posts from this blog

Туура эместер

Адам боло албагандан тажоо

Бир күлкүсүнө зарсың баланын.